ТҮРКИЯ
2 мүнөт окуу
Эрдоган Газадагы кыйынчылыктардын жоопсуз калбай турганын айтты
Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдоган дүйшөмбү күнү АКШнын президенти Дональд Трамп менен Газа жана Украина менен Россиянын ортосундагы тынчтык аракеттерин талкуулоо үчүн телефон аркылуу сүйлөшөрүн билдирди.
Эрдоган Газадагы кыйынчылыктардын жоопсуз калбай турганын айтты
Erdogan and Trump are set to speak by phone on Monday, Turkish President said. / AA
 

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган жаңы жылдын биринчи күнүндө Стамбулда өткөн Палестина митингин «тарыхый учур» деп мүнөздөп, анын «Палестина жалгыз эмес» деген так билдирүү бергенин айтты.

Эрдоган жума күнкү билдирүүсүндө: "Нетаньяху деп аталган бул фараондун кылган иштери жазасыз калбайт. Анткени ал 7 жаштан 70 жашка чейинки көптөгөн бейкүнөө адамдардын убалына калды. Бул наристелердин убалы жөн калбайт", — деди.

Израилдин Газадагы аракеттерин жана ал жердеги гуманитардык кырдаалдын начарлашын айыптаган президент: "Телевизор экрандарынан көргөн шамалда, жамгырда жана баткакта жаткан балдардын абалы, албетте, алардын убалы Нетаньяхуга пайда алып келбейт", - деди.

Эрдоган жума намазынан кийин берген маалыматында, АКШнын президенти Дональд Трамп менен дүйшөмбү күнү телефон аркылуу сүйлөшө турганын билдирди.

Эрдоган Стамбулда жасаган билдирүүсүндө: "Дүйшөмбү күнү саат 16:00 чамасында Трамп менен дагы бир жолу сүйлөшөбүз. Россия менен Украинанын ортосундагы маселелерди, ошондой эле Палестинадагы кырдаалды талкуулоо мүмкүнчүлүгүн табабыз", — деди.

«Палестинаны унутпайбыз»

Бейшемби күнү эртең менен Стамбулда Галата көпүрөсүндө "Адамзат альянсы" жана "Улуттук эрк платформасы” деген ат менен уюштурулган Палестинаны колдоо жүрүшүнө 520 000ге жакын адам чогулду.

400дөн ашык бейөкмөт уюмдардын катышуусунда жана Түрк жаштар фондунун (TÜGVA) жетекчилиги астында өткөн бул акция "Баш ийбейбиз, унчукпай калбайбыз, Палестинаны унутпайбыз" деген ураан алдында өттү.

Катышуучулар Газадагы геноцидди токтотууга чакырышты.

Израиль 2023-жылдын октябрында башталып, Газадагы конуштарды талкалаган геноциддик согушунда көпчүлүгү балдар менен аялдар болгон 71 000ден ашык палестиналыкты өлтүрдү.

2025-жылдын октябрында ок атышпоо келишими күчүнө кирген, бирок Израиль эреже бузууларды улантууда.

Иликте
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Министр Фидан: "Түркиянын борбордук ролуна баары жогору баа берүүдө"
Коммуникация башкармалыгынын башчысы Дурандын Палестина боюнча билдирүүсү
Президент Эрдоган:"Палестина маселесин бардык аянтчаларда чечкиндүү түрдө коргоону улантабыз"
Президент Эрдоган: «Кандай гана жагдай болбосун, Кипрди эч качан жалгыз калтырбайбыз»
Түркия Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлүшүнүн 43 жылдыгы менен куттуктады
Тышкы иштер министрлиги ахыска түрктөрүн эскерди
Мекке келишими ишке кирди
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Президент Эрдоган Ирандын президенти Пезешкиан менен жолугушту