Афганистандын түндүк-чыгышындагы Кунар провинциясында мектепке жакын жерде болгон жарылуудан кеминде жети окуучу каза болуп, 97си жаракат алды.
Афган өкмөтүнүн өкүлүнүн айтымында, иликтөөчүлөр жарылуунун булагын мектепке жакын жайгашкан, тоо-кен компаниялары жардыргыч заттарды сактаган кампа экендигин аныкташты.
Кунар провинциясынын Маалымат жана маданият башкармалыгынын жетекчиси Самиул Хак Хак Баян жардыргыч заттардын мектепке жакын үйдө сакталганын билдирди. Анын айтымында, алар кен казуу иштеринде жана Кунар–Нуристан жолунун курулушунда колдонулган.
«Хуррият» радиосунун маалыматына караганда, жаракат алгандардын көбү Нангархар аймактык ооруканасына жеткирилген.
Булак: Hurriyat Radio















