ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун башчысы Эрбилге барды
Ибрахим Калын жооптуу кызматкерлер менен жолугушуп, аймактык тынчтык, террор менен күрөшүү жана түркмөн коомчулугуна колдоо көрсөтүү маселелерин талкуулады.
Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун башчысы Эрбилге барды
Turkish security sources said Kalin met several senior figures in Erbil. / AA

Түркиянын Улуттук чалгындоо уюмунун (MIT) башчысы Ибрахим Калын шейшемби күнү Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугунун расмий өкүлдөрү менен жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Ирактын түндүгүнө барды.

Түркиянын коопсуздук булактарынын маалыматына караганда, Калын Эрбилде Күрдистан Демократиялык партиясынын лидери Месут Барзани, Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугунун башчысы Нечирван Барзани, премьер-министри Масрур Барзани, вице-премьер-министри Кубат Талабани, ички иштер министри Ребер Ахмед жана Коопсуздук кеңешинин өкүлдөрү баш болгон көптөгөн жогорку деңгээлдеги ысымдар менен жолугушту.

Жолугушууларда Иран менен Израилдин ортосундагы акыркы чыңалуудан кийинки аймактагы жагдайлар талкууланып, тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуучу кадамдарга токтолушту.

Ошондой эле “Террорсуз Түркия” демилгеси да негизги темалардын бири болду. Эки тарап аймактагы терроризмди жок кылуу жана бул маселени аймактык күн тартибинен чыгаруу боюнча биргелешкен аракеттер тууралуу пикир алышты.

Ирак түркмөндөрүнүн коопсуздук жана саясий өкүлчүлүгү да кеңири талкууланды. Калын Анкаранын Ирактагы түркмөн коомчулугуна колдоосунун улана турганына басым жасады.

Жолугушууларда Борбордук Ирак өкмөтү жана Ирактын Күрт аймактык башкаруучулугу менен кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгү да баса белгиленди.

Иликте
Даниянын Копенгаген аэропортуна кайрадан бомба коркунучу тууралуу билдирүүлөр келди
Чехиянын борбору Прагада бүгүн да учактарга бомба коюлганы тууралуу билдирүү келди
Эфиопиянын Оромия аймагындагы куралдуу кол салууда 34 адам каза болду
Изилдөө: "Тынч океандагы пластик калдыктары суунун түсүн өзгөртүп жатышы мүмкүн"
Корсика аралындагы жагымсыз аба ырайынан улам эки адам унаасында каза болду
Бельгияда парламент депортация процесстери үчүн үйлөрдү тинтүүгө жол ачкан мыйзам долбоорун жактырды
Рубио кызматынан кетип, Ак үй үчүн талапкер болуу пландары бар деген сөздөрдү четке какты
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайы экспорттук ийгилигин улантууда
Иран армиясынын басма сөз катчысы Экреминия "АКШга жооп кайтарабыз" деп эскертти
Австралия Борнеодогу токой өрттөрүн өчүрүүгө жардам берүү үчүн Индонезияга учак жөнөттү
АКШ Кубанын армиясына жана энергетикалык камсыздоо тармактарына каршы жаңы санкцияларды жарыялады
Путин Япониянын JTI тамеки компаниясынын Россиядагы активдерин убактылуу башкарууга өткөрдү
НАТО-Украина кеңеши Брюсселде кезексиз жыйын өткөрдү
Европа Биримдигинен Украинага 4,36 миллиард евролук колдоо
Эмине Эрдоган Түркия менен Түштүк Кореянын ортосундагы "терең тамырлаган достукка" көңүл бурду