ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Россия Украинанын дрондоруна каршы жасалма интеллекттүү абадан коргонуу системасын жайгаштырат
Россиянын коргоо министри Андрей Белоусов Москванын абадан коргонуусун күчөтүү максатында интеграцияланган маалымат тутумун жана жасалма интеллект тарабынан колдоого алынган чечим кабыл алуу системасын куруп жатканын билдирди.
Россия Украинанын дрондоруна каршы жасалма интеллекттүү абадан коргонуу системасын жайгаштырат
Орусиянын Коргоо министрлигинин 2026-жылдын 29-июнундагы видеосунан алынган бул сүрөттө Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов Москвадагы жыйында сүйлөп жатат. / AP

Россиянын Коргоо министри Андрей Белоусов дүйшөбү күнү жасаган билдирүүсүндө дрон кол салууларына каршы коргонуу аракеттеринин алкагында Россиянын ноябрь айынын акырына чейин абадан коргонуу системасына жасалма интеллект менен иштеген чечим кабыл алуу механизмин киргизүүнү пландап жатканын жарыялады.

Москвада аскердик кабарчылар менен жыйын өткөргөн Белоусов жасалма интеллект демилгеси жыл аягына чейин бүткөрүлүшү пландалган жети коргонуу долбоорунун бири экенин жана аны жарандык компаниялар менен биргеликте иштеп жатышканын айтты.

Белоусов : “Абадан коргонуу тармагында бул темада учурда ативдүү иштеп жатабыз. Бул жылдын акырына чейин ике ашыруубуз керек болгон жети долбоордун бири. Жыйынтыгы ноябрь айынын аягына чейин чыгышы күтүлүүдө”,- деди.

Белоусов Россиянын апрель айынан бери дрон чабуулдары боюнча кырдаалды маалымдоону жогорулатуу үчүн интеграцияланган маалымат системасын түзүп жатканын айтып, командирлерге буталарды аныктоого, согуш талаасын көзөмөлдөөгө жана согуштук операцияларды башкарууга мүмкүндүк берүүчү тактикалык деңгээлден баштап программалык камсыздоо орнотулганын кошумчалады.

Андрей Белоусов ошондой эле РОссиянын Украинадагы согуштук операцияларга катышкан бардык аскердик бөлүктөрдө дрондорго каршы катмарлуу коргонуу системасын түзгөнүн жана дрондорго каршы туруу үчүн мобилдик ок атуучу бөлүктөрүн активдүү жайгаштырып жатканын айтты.

Белоусов Россиянын аймактарына да, Украинадагы орус күчтөрүнө да дрон коркунучтарынын мүнөзү ар бир эки-үч ай сайын өзгөрүп тураарын айтып, коргонуу чараларын дайыма адаптациялоо зарылдыгын баса белгиледи.

Иликте
Омандын жээгинде мунай ташуучу танкер атылды
Орусиянын Краснодар аймагына дрон чабуулунан кийин мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкты
TEKNOFEST Көгүлтүр мекенде Turkcell компаниясы алыстан роботтук хирургиялык сыноо өткөрдү
Израилдин Газага кол салууларынан каза болгондордун саны 73 миң 422ге жетти
Президент Эрдоган: "Аймагыбызда туруксуздукка жол бербей турганыбызды билдирдик"
Европа Биримдигинен Украинага 6,1 миллиард евролук коргонуу колдоосу
Түркиянын А улуттук волейбол командасы Словенияны 3:1 эсебинде жеңди
Омандын тышкы иштер министри Бусаиди эртең Тегеранга барат
АКШ 75 өлкөнүн жарандары үчүн иммиграциялык визаларга тыюу салууну жокко чыгарды
Орусиянын Ozon компаниясына таандык үч кампага дрондор менен чабуул жасалды
АКШ менен Канаданын ортосундагы тарифтик чыңалуу: Трамп Оттава администрациясын катуу сынга алды
Израилдин Газага жасаган геноциддик чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 419га жетти
Пезешкиан: Иран "согуш да, тынчтык да эмес" деген кырдаалдын токтошун каалайт,компромисске барбайт
Пакистан жана Малайзия коопсуздук чөйрөсүндө кызматташууну тереңдетүү боюнча макулдашты
Израилдин аскер кызматкерлери Нетаньяху шайлоону кийинкиге калтыруу үчүн чыңалууну күчөткөнүн айтат