ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
400дөн ашуун ырчыдан Израилге маданий бойкот: "Геноцид үчүн музыка жок"
Massive Attack жана Carole King Израилдин санариптик платформаларынан өздөрүнүн чыгармаларын алып салуу акциясына кошулуп, башка негизги студияларды да ушундай кылууга үндөп жатышат.
400дөн ашуун ырчыдан Израилге маданий бойкот: "Геноцид үчүн музыка жок"
/ Reuters

Дүйнө жүзү боюнча 400дөн ашуун ырчылар жана өнөрпоздор Израилдин санариптик платформаларынан өз музыкасын алып салууга багытталган маданий бойкотко катышарын жарыялашты. Бул кадам Газа тилкесиндеги палестиналыктарга каршы уланып жаткан геноцидге каршы нааразылык билдирүү максатын көздөйт.

Израилдин чабуулдары астында ачкачылыктан жапа чеккен адамдардын, өзгөчө балдардын көрүнүштөрү глобалдык нааразылыкты жаратып, чара көрүү чакырыктарын күчөттү.

Haaretz басылмасынын маалыматына ылайык, “Геноцид үчүн музыка жок” деген ураан менен башталган бул демилге ырчылардын өз чыгармаларын Израилдин платформаларынан алып салууга чакырат.

Бойкотко кол койгондордун арасында британиялык Massive Attack тобу, шотландиялык Primal Scream тобу, америкалык Japanese Breakfast тобу, америкалык ырчы-композитор Carole King, жапон поп-жылдызы Рина Саваяма жана даниялык өнөрпоз MØ сыяктуу белгилүү инсандар бар.

Өнөр менен акталууга уруксат жок

Акция уюштуруучуларынын билдирүүсүндө, бойкоттун максаты Sony, Universal жана Warner сыяктуу ири музыкалык компаниялардын да Орусиянын Украинага чабуулунан кийин жасалган кадамдарды ишке ашырып Израилге да ушундай эле санкцияларды киргизүүгө мажбурлоо экенин баса белгилешти.

“Маданият өз алдынча бомбаларды токтото албайт,” - деп айтылган билдирүүдө “Бирок маданият саясий кысымга каршы чыгып, коомдук пикирди адилеттүүлүккө бурууга, адамзатка каршы кылмыш жасаган компания же мамлекеттин өнөр аркылуу акталышына жана нормалдашуусуна жол бербөөгө салым кошо алат” деген сөздөр камтылды.

Бул бойкот Израилдин Газадагы чабуулдарына каршы дүйнө жүзү боюнча маданий, спорттук жана көркөм нааразылыктардын кеңири толкунунун бир бөлүгү болуп саналат.

Иликте
Бен-Гвир мыйзамсыз отурукташкандарга санкциялардан кийин Евробиримдикти сындады
Хантавирус пандемиясынын чордонундагы круиздик кеме эвакуациядан кийин Нидерландияга бет алды
Азия Иран согушунан улам экинчи энергетикалык кризиске даярданууда
ЕБ Сирия менен толук кандуу кызматташууну калыбына келтирди
Геосаясий окуялар Түркия-ЕБ мамилелеринин маанисин дагы бир жолу көрсөтүүдө
Евробиримдик көптөн бери токтоп турган санкцияларды бекитиши мүмкүн
Эвакуациялык каттам учурунда француз жүргүнчүсүнөн хантавирустун белгилери байкалды
Тышкы иштер министрлиги: Пакистандагы террордук кол салууну кескин айыптайбыз
Ички иштер министри Чифтчи Түркия-Монголия жыйынына катышат
Хантавирус жайылган круиздик кемедеги АКШнын жаранынын тести оң натыйжа берди
Кытай Японияны Индия-Тынч океан стратегиясын колдогондугу үчүн айыптады
Путин: "Орус аскерлери НАТО куралдандырган жана колдогон агрессивдүү күч менен бетме  - бет"
Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин Ппезиденти Аль Нахаян менен  телефон аркылуу сүйлөштү
Эрдоган: Түркия орун албаган Европа архитектурасы кемтик болот
Израиль Газада ок атышпоо эрежесин бузуп тогуз палестиналык жаракат алды