Песков орус маалымат агенти ТАССка бул тууралуу маалымат берди.
Песков Россиянын президенти Владимир Путиндин Гуандун провинциясынын Шэньчжэнь шаарында өтө турган Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгынын (АТЭК) лидерлеринин саммитине катышаарын айтып:"Путин, Си Цзиньпин жана Трамптын ортосунда 19-ноябрда үч тараптуу жолугушуу өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди. Жолугушуу АТЭК саммитинин алкагында Кытайдын Шэньчжэнь шаарында өтөт",- деп кошумчалады.
СУНУШТАЛАТ
Ак үйдүн басма сөз катчысынын орун басары Оливия Уэлс ишемби күнү президент Трамп келерки аптада Филиппиндерге жана Кытайга сапар тартаарын жана сапардын экинчи этабында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин жана Россиянын президенти Путин менен үч тараптуу жолугушуу болорун билдирди.





















