Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москвада журналисттерге билдирүү жасап, Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө жана Европанын бул процесстеги ролуна токтолду.
Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу тууралуу сөз кылган Песков Россиянын убактылуу ок атышууну токтотууну эмес, узак жылдарга, атүгүл кылымдарга созула турган тынчтыкты каалай турганын билдирди.
«Биз Украинада убактылуу ок атышууну токтотууну эмес, жылдар бою, ал тургай кылымдар бою сактала турган тынчтыкты каалайбыз. Ошондуктан атайын аскердик операция уланууда. Сүйлөшүүлөр процесси бизди ушул тынчтыкка алып келиши керек», — деди.
Песков тынчтыкка жетүү татаал жана узак убакытты талап кылган процесс болушу мүмкүн экенин белгилеп, анын ар бир баскычы маанилүү экенин кошумчалады.
«Европалыктардын эмнени каалап жатканын түшүнүшүбүз керек»
Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин Европанын Украина боюнча сүйлөшүүлөргө катышары тууралуу билдирүүсүнө комментарий берген Песков сүйлөшүүлөр учурда Россия, Украина жана АКШнын ортосунда үч тараптуу форматта жүргүзүлүп жатканын айтты.
Анын айтканына караганда Европанын сүйлөшүү процессине катышуу мүмкүнчүлүгү мурда да талкууланган.
«Биз европалыктардын эмнени каалап жатканын түшүнүшүбүз керек. Алардын позициясы тынчтык процессине канчалык деңгээлде салым кошо аларын көргүбүз келет», — деди Песков.
Эстониянын чек араларды жабуу чечимине комментарий берди
Эстониянын 1-декабрдан тартып Россия менен болгон бардык чек ара өткөрмө пункттарын жабуу чечимине байланыштуу Песков өлкөнү сынга алды.
«Эстония дубал куруп жатат. Тарыхта көптөгөн өлкөлөр дубалдарды курушкан. Бирок бул дубалдар кургандарга эч качан пайда алып келген эмес», — деди.
Зеленскийдин билдирүүсүнө комментарий берүүдөн карманды
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин АКШ Украинага Донбасстан баш тартуунун ордуна НАТОго мүчөлүктү сунуштаганы тууралуу билдирүүсүнө комментарий берген Песков Америка тарабы менен сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын ачыкка чыгарбоону туура көрүшөрүн билдирди.





















