ХАМАС кыймылынын куралдуу канаты «Аль-Кассам» бригадалары Рафах бригадасынын командири Самир Махмуд Абу Юнустун Газанын түштүгүндө Израилдин соккусунан каза болгонун жарыялады.
Уюмдун маалыматына ылайык, «Аль-Кассам» бригадаларынын Башкы аскердик кеңешинин мүчөсү Абу Юнустун Хан Юнус шаарындагы Аль-Маваси аймагында өлтүрүлгөн.
Буга чейин Израиль армиясы «Шин Бет» ички чалгындоо кызматы менен биргеликте ХАМАСтын куралдуу канатынын жогорку даражалуу мүчөсүнө сокку урганын билдирген. Бирок анын аты-жөнүн тактаган эмес.
Нассер медициналык комплекси Аль-Маваси аймагына Израилдин учкучсуз учуучу аппараттары жасаган соккунун натыйжасында бир палестиналык каза болуп, дагы эки адамдын жаракат алганын кабарлаган.
Абу Юнус буга чейин 15-сентябрда Хан Юнустагы Израилдин соккусунан каза болгон Наил Абу Убайддын ордуна Рафах бригадасынын командирлигин аткраган.
Мындан тышкары, «Анадолу» агенттигине берген маалыматына караганда, Аль-Шифа ооруканасындагы медициналык булак бир күн мурун Газанын түндүгүндөгү Аль-Сафтави аймагында Израилдин учкучсуз учуучу аппараттарынын соккусунан эки палестиналык каза болуп, дагы үчөө жаракат алганын билдирген.
Ок атышууну токтотуу келишиминин бузулушу
Маалыматка ылайык, Израиль 2025-жылдын 20-октябрында күчүнө кирген ок атышууну токтотуу келишимин бузууну улантууда. Бул мезгилде кеминде 1 643 палестиналык каза болуп, 5 964 адам жаракат алган.
2023-жылдын октябрынан бери Газадагы согуштан улам 74 миңден ашуун палестиналык каза болуп, 176 миңден ашуун адам жаракат алганы айтылууда. Каза болгондордун көпчүлүгүн аялдар менен балдар түзөт.
Согуш Газадагы инфраструктуранын болжол менен 90 пайызын талкалап, калктын массалык түрдө жер которуусуна алып келди.
Бириккен Улуттар Уюмунун эсептөөлөрүнө ылайык, тилкени калыбына келтирүүгө болжол менен 71,4 миллиард доллар талап кылынат.





















