Жетекчилер бейшемби күнү Индонезияда кулаган мектепте дайынсыз жоголгондугу болжолдолгон 59 кишиден кабар алына албагандыгын билдирип, окуядан кийин бир нече күн өткөндүктөн башка аман калгандардын табылышы күмөндүү экендигинен кооптонушууда.
Ява аралындагы көп кабаттуу жатак - мектеп дүйшөмбү күнү окуучулар бешим намазы үчүн чогулган учурда ураган. Куткаруу иштери бир нече күндөн бери жүргүзүлүүдө кеминде беш кишинин каза болгондугу ырасталып, уранды астында 59 кишинин бар экендиги болжолдолууда.
Шаршемби күнү кечинде, куткаруу операциялары директору Юдхи Брамантьо жалпы каза болгондордун саны алтыга жеткенин айтты. Өлкөнүн кырсыктарды башкаруу агенттиги бейшемби күнү бул сандын беш экендигин билдирди.
Кырсыктарды башкаруу агенттигинин башчысы Сухарянто: «Термалдык дрондор сыяктуу жогорку технологиялык жабдууларды колдондук жана илимий жактан алганда, жашоо белгилери жок», – деди .
Борбор шаар Жакартанын 770 километр чыгышында Чыгыш Яванын Сидоаржо шаарындагы Аль-Хозини мектебинин пайдубалы үстүнкү кабаттардагы курулуш иштерин көтөрө албагандыктан кулады. Намаз окуп жаткан ондогон окуучу уранды астында калды.
Франс Пресс агенттигинин маалыматына караганда, кайгылуу үй-бүлөлөр окуя болгон жерде жакындарынан кабар алуу үчүн чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Мектепке жакын жашаган тургундар үй - бүлөлөргө үйлөрүндө калууну сунуш кылышкан.
17 жаштагы иниси жоголгон Маулана Баю Ризки Пратама: "Мен биринчи күндөн бери бул жердемин. Инимдин тирүү экени тууралуу кабар угамын деген үмүттөмүн",- деди. 28 жаштагы Пратама : "Төрт күн өттү, иним тез арада табылар. Анын төрт күндөн бери ал жерде экенин ойлоо мени кейитип жатат", - деди.
Шаршемби күнү куткаруу топтору урандылардын астынан беш адамды тирүү алып чыгышты. Ошол эле учурда ата-энелер да урандылардын астында калган балдарды табуу үчүн издөө иштерин күчөтүүнү талап кылышты.
14 жаштагы уулу жоголгон Абдул Ханан: "Урандылардын астында балдар жардам сурап кыйкырып жатышты. Куткаруу иштери тездетилиши керек", - деди.
Сидоарджодогу кулоонун себептерин иликтөө уланып жаткан учурда, алгачкы жыйынтыктар курулуштун сапатсыз стандарттарын көрсөтүүдө. 52 жаштагы Ахмад Ихсан башка ата-энелер менен бирге куткарылгандардын тизмеси жазылган досканын жанында 14 жаштагы уулу Ариф Аффандинин табылышынан үмүттүү экендигин айтып: "Азырынча балам тууралуу эч кандай кабар ала элекмин. Баламдын тирүү экенине ишенем", - деди.
Татаал процесс
Улуттук издөө жана куткаруу агенттигинин башчысы Мохаммад Сяфии куткаруу операциясы өтө татаал процесс экенин, анткени бир жердеги титирөө башка аймактарга таасир этиши мүмкүн экендигин, ошондуктан жабырлануучулар жайгашкан жерге жетүү үчүн жер астынан туннель казуу керектигин билдирди.
Бирок казуу иштери да урандыларды туруксуздаштыруу коркунучун жаратат. Андан тышкары, имараттын бетон колонналарынан улам туннель болжол менен 60 сантиметрлик гана жетүү жолун камсыздай алат. Жылуулук аныктоочу дрондор аман калгандарды жана каза болгондорду аныктоо үчүн колдонулууда. Бирок эң жакшы аман калуу мүмкүнчүлүгү үчүн 72 сааттык "алтын сааттар" аяктап баратат.
Дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөлөрү бейшемби күнү оор техниканы колдонууга уруксат беришти. Адамды өнүктүрүү жана маданият иштери боюнча координациялоочу министр Пратикно куткаруу топторунун "өтө этияттык" болорун айтты. Бирок издөө-куткаруу кызматынын өкүлү Франс Пресс агенттигине операциянын жети күндөн ашык убакытка созулушу мүмкүн экендигин билдирди.
Ани аттуу жергиликтүү тургун Франс Пресс агенттигине мектептин кулашы коңшулаш жерде титирөөлөрдү жаратканын айтты. "Мен титирөөнү сездим андан кийин ызы-чуу чыкты. Мен дароо өзүмдү куткаруу үчүн чуркап чыктым. Алгач имараттын урап жатканын байкаган жокмун", — деди ал.
Франс Пресс кабарлагандай, куткаруучулар кызгылт сары формалары менен урандылардын астына камераларды орнотуп, аман калгандардын изин издеп жатышат. Ани суу жана тамак-аш жеткирилип жатканын, бирок жетүү бир гана жерден мүмкүн экенин айтып: "Негизги курулуш толугу менен ураган", - деди.
Операция шейшемби күнү түнү менен шаршемби күнү эртең менен деңизде болгон жер титирөөдөн улам кыска убакытка токтотулду. Жергиликтүү жардам уюмдары урандылардын айланасында үй-бүлөлөргө тамак-аш жана суусундуктарды жеткирүүчү пункттарды уюштурду.
Кырсыктарды алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин басма сөз катчысы билдиргендей, мектептин төртүнчү кабатындагы жаңы курулуштун салмагын көтөрө албаган негизги мамычалардын урашынан улам имарат кулаган. Индонезияда курулуштун сапатынын төмөндүгү, айрыкча үйлөрдүн жарым-жартылай бүткөрүлбөй калышы жана бюджет жеткиликтүү болгондо кошумча кабаттардын кошулушу кеңири жайылган көрүнүш. Бул айда Батыш Ява провинциясында дуба жыйынын өткөрүп жаткан имараттын урашынан кеминде үч адам каза болуп, ондогон адам жаракат алган.














