САЯСАТ
1 мүнөт окуу
АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын директору Клейтон: Системаларда дагы көп үзгүлтүктөр болот
Клейтон ошондой эле Nvidia чиптерін Кытайга багыттоо аракеттеринин ийгиликтүү болгонун белгиледи
АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын директору Клейтон: Системаларда дагы көп үзгүлтүктөр болот
(АРХИВ) АКШнын Улуттук чалгындоо директору Клейтон системаларда дагы үзгүлтүктөр болушу мүмкүн экенин айтты / AP (Wire)
 

АКШнын Улуттук чалгын директору (DNI) Жей Клейтон өлкөнүн эскирген санариптик инфраструктурасын жаңылоо процессинде транспорт, банк жана байланыш тутумдарында үзгүлтүктөр дагы болушу мүмкүн экенин эскертти. Анын айтымында, мындай кемчиликтер технологиялык өзгөрүүнүн сөзсүз бөлүгү.

Жей Клейтон CNN телеканалына берген маегинде АКШда акыркы жумаларда технология компанияларында жана федералдык мекемелерде болуп өткөн үзгүлтүктөргө байланыштуу пикир билдирди.

Клейтон АКШнын өнүккөн санариптик инфраструктурасынын көпчүлүк бөлүгү 30 жылдан ашык убакыттан бери колдонулуп келе жаткан эски тутумдардан турарын, аларды өндүрүмдүүлүк жана киберкоопсуздук жагынан жаңылоо зарылдыгын белгиледи. Ал: «Улантылып жаткан жаңылоо иштеринин алкагында техникалык кемчиликтер, үзгүлтүктөр жана кызмат көрсөтүүдө кыйынчылыктар болот» деди.

Анын айтымында, технологиялык жетишкендиктер эсептөө кубаттуулугунда жана тиркемелерде чоң өзгөрүүлөрдү жаратты, азыркы тутумдар да бул өзгөрүүгө ылайыкташышы керек.

Жей Клейтон ошондой эле АКШнын өнүккөн жасалма интеллект чиптери Кытайга жеткирилген деген айыптоолорго токтолду.

Клейтон Nvidia компаниясынын эң өнүккөн чиптерине дүйнө жүзүндө чоң суроо-талап бар экенин айтып, Кытайдын бул чиптерге жетүү мүмкүнчүлүгү бар каналдары болушу ыктымал деп эсептээрин билдирди.

Ал АКШнын Нью-Йорктун Түштүк округунда бул чиптерди Кытайга багыттоого байланыштуу бир компанияга карата айыптоо корутундусу даярдалганын эскертип: «Айыптоо корутундусуна караганда, чиптерди Кытайга багыттоо аракеттери жасалган жана ал аракеттер ийгиликтүү болгон» деди.

Булак: CNN маеги

Иликте
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Азербайжандын тышкы иштер министри Байрамов Түркия менен карым-катнаштарга баа берди
Түркия Газаны колдоо үчүн «Анталья–Газа» коридорун түзүүнү сунуштады
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады