АКШнын президенти Дональд Трамп бул тизмеге Ооганстан, Боливия, Бирма (Мьянма), Колумбия жана Венесуэланын кошулганын жарыялап, алар акыркы 12 айда баңгизатка каршы күрөшүү боюнча эл аралык келишимдердин алкагындагы милдеттенмелерин «ачык түрдө аткара алган жок» деп билдирди. Бул чечим аталган өлкөлөрдү каржылоого таасирин тийгизиши мүмкүн.
Трамп дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө "Афганистан, Боливия, Бирма, Колумбия жана Венесуэланы баңгизатка каршы күрөшүү боюнча эл аралык келишимдердин алкагындагы милдеттенмелерин аткарууда акыркы 12 айдын ичинде ачык түрдө ийгиликсиз болгонун жарыялайм", – деди.
"Колумбияда президент Густаво Петро тушунда кокаинди өстүрүү жана өндүрүү рекорддук деңгээлге жетти жана баңгизат саткан террордук топтор менен макулдашуу аракеттери кризисти ого бетер курчутту", - деген Трамп колумбиялык коопсуздук кызматкерлерин "эрдиги жана чеберчилиги" үчүн мактады.
АКШ лидери ошондой эле: "Колумбиянын өткөн жылы баңгизатты көзөмөлдөө боюнча милдеттенмелерин аткарбаганы толугу менен анын саясий жетекчилигинин мойнунда. Эгер Колумбия өкмөтү кокаинди жок кылуу жана кокаин өндүрүшү менен аткезчилигин азайтуу үчүн агрессивдүү кадамдарды жасаса, мен бул чечимди кайра карап чыгам" деди.
Трамп буга чейин Петронун баңгизатка каршы аракеттерин "натыйжасыз" деп баалап, Колумбияга берилүүчү аскердик эмес жардамды кескин кыскартууну колдогон республикачыл мыйзам чыгаруучулар менен бир пикирде болгон.
Петронун жообу
Колумбиянын президенти Густаво Колумбияда аткезчиликке каршы күрөшкөн ондогон полиция кызматкерлери, аскерлер жана жайкын тургундардын өлүмүнөн кийин кабыл алынган бул чечимди видео кайрылуусунда айыптады.
Министрлер кабинетинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө президент, "Баңгизат картелдерине жана баңги аткезчилиги менен алектенген солчул партизандарга каршы күрөштө ондогон полиция кызматкерлери жана аскерлер каза болгонуна карабастан, Америка Кошмо Штаттары бизди каралоону улантууда" деди.
Колумбиянын Вашингтондогу элчиси Даниел Гарсия-Пена өткөн жумада журналисттерге берген маалыматында, АКШнын жардамы USAID программасынын токтотулушунан улам буга чейин эле азайганын жана Трамп Колумбияны "сертификациядан өткөрбөй" койсо, баңги аткезчилиги менен түздөн-түз байланышы жок 100 миллион долларга жакын программалар да кыскартылышы мүмкүн экенин айтты.
АКШ Колумбияны акыркы жолу 1997-жылы бул тизмеге кошкон, ал кезде өлкөнүн картелдери бийликтин эң жогорку деңгээлдерине чейин кирип кеткен болчу. 2000-жылдан бери АКШнын ар кайсы администрациялары Колумбияга миллиарддаган доллар жардам жөнөтүп келген. Бирок он жыл мурун, кокаиндин чийки заты болгон кока талааларына глифосат чачуу программасы токтотулгандан кийин кызматташтык начарлай баштаган.
АКШ мыйзамдарына ылайык, президент жыл сайын акыркы 12 айдын ичинде эл аралык баңгизатка каршы келишимдер боюнча милдеттенмелерин аткарбаган өлкөлөрдү аныктап, жарыялап турушу керек.











