ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Си Цзиньпин АКШнын Венесуэлага рейди учурунда "зомбулук аракеттерине" каршы эскертти
Кытайдын президенти "бир тараптуу жана зомбулукту камтыган аракеттер дүйнөлүк тартипти олуттуу түрдө алсыратканын" айтып, ири державаларды эл аралык укукту жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын принциптерин сыйлоого чакырды.
Си Цзиньпин АКШнын Венесуэлага рейди учурунда "зомбулук аракеттерине" каршы эскертти
Кытайдын президенти "бир тараптуу жана зомбулукту камтыган аракеттерди" сындап, "ири өлкөлөрдү" эл аралык укукту сактоого чакырды. / Reuters

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарына караганда, Кытайдын президенти "бир тараптуу жана зомбулукту камтыган аракеттерди" сындап, "ири өлкөлөрдү" эл аралык укукту сактоого чакырды.

Дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө Си Цзиньпин: "Бардык өлкөлөр башка мамлекеттердин элдери тандаган өнүгүү жолдорун сыйлашы керек, эл аралык укукту жана Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын максаттары менен принциптерин сакташы керек; ири өлкөлөр буга жол көрсөтүшү керек", - деди.

Xinhua News кабарлагандай, ал бул сөздөрдү борбор шаар Пекинде Ирландиянын премьер-министри Майкл Мартин менен өткөргөн жолугушууда айтты.

Кытай лидеринин сөздөрү ишемби күнү АКШнын Венесуэлага жүргүзгөн рейди учурунда өлкөнүн президенти жана жубайы кармалып Нью-Йоркко алынып кеткеден кийин айтылды.

Си Цзиньпин: "Өзгөрүүлөр жана башаламандык менен курчалган дүйнөдө бир тараптуу жана мажбурлоочу аракеттер эл аралык тартипти олуттуу түрдө алсыратат",- деп билдирди.

Каракас жубайлардын бошотулушун талап кылууда

АКШ ишемби күнү Каракаска каршы "кеңири масштабдуу" операция баштап, президент Николас Мадуро менен жубайы Силия Флорести кармап кеткен.

The New York Times гезити Венесуэланын расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап, АКШнын рейдинде болжол менен 80 адам каза болгонун билдирди.

Мадуро менен Флорес Бруклиндеги Метрополитен сурак борборунда кармалууда. Жубайларга АКШнын федералдык соту тарабынан баңгизат аткезчилиги жана террористтик уюмдар деп эсептелген топтор менен кызматташкан деген айыптар коюлууда.

Мадуро бул айыптоолорду четке какты, ал эми Венесуэланын борбору Каракасындагы жетекчилер жубайлардын бошотулушун талап кылышты.

Иликте
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"