Сирия бийликтери YPG террордук уюму бошоткон 81 ДЕАШ туткунун кайрадан кармады

Ички иштер министрлиги Аш-Шаддади түрмөсүнөн 120 ДЕАШ туткуну бошотулгандан кийин издөө иштери уланып жатканын жарыялады.

By
Сириянын Ракка провинциясында Сирия армиясы менен YPG террордук тобунун ортосунда кагылышуулар уланууда. / AA

Сириянын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, YPG террордук уюму Хасекенин түндүк-чыгышындагы Аш-Шаддади түрмөсүнөн бошоткон 120 туткундун 81и кайра кармалды.

Ички иштер министрлиги шейшемби күнү Сирия армиясынын бөлүктөрү жана Ички иштер министрлигинин атайын операция күчтөрү Аш-Шаддади шаарындагы түрмөдөн туткундар бошотулгандан кийин коопсуздук операциясын баштаганын жарыялады.

Билдирүүдө: “120 ДЕАШ террористтинин Аш - Шаддадидеги абактан качуусунан кийин Сирия армиясы жана Ички иштер министрлигинин күчтөрү шаарга кирип кенен масштабдуу изилдөө жүргүздү”,- деп айтылды. Операция уяурунда 81 ДЕАШ мүчөсүнүн кармалганын билдирген министрлик калган туткундардын жерлерин аныктоо жана камоо үчүн иштердин улантылып жатканын айтып буларды кошумчалады : “Калган ДЕАШ террористтери үчүн издөө иштери улантылууда”.

Ички иштер министрлигинин буга чейинки билдирүүлөрүндө, туткундардын түрмөдөн бошотулушунан YPG террордук уюмунун жооптуу экени айтылган. Бул коопсуздук операциясы Сириянын түндүк-чыгышындагы кеңири саясий жана аскердик окуялардын алкагында ишке ашты.

Жекшемби күнү кечинде Сириянын мамлекет башчысы Ахмед ал -Шараа YPG террордук уюму жетектеген SDGнын мамлекеттик институттарга толук интеграциясын камтыган ок атышпоо келишимин жарыялады. Келишимге ылайык, уюмдун аскердик түзүмдөрү Евфрат дарыясынын чыгыш тарабына чегинет; ал эми Ракка жана Дейр-эз-Зор аймактарынын административдик жана коопсуздук көзөмөлү Сирия мамлекетине өткөрүлүп берилет. Мындан тышкары, чек ара бекеттери, мунай жана газ кендери менен жарандык мекемелер өкмөттүн көзөмөлүнө өткөрүлөт.

Бул келишим Сирия армиясы өлкөнүн чыгышындагы жана түндүк-чыгышындагы ири аймактарды кайтарып алган аскердик операциядан кийин түзүлдү. Сирия бийлиги операция YPG террордук уюму жетектеген SDG болжол менен бир жыл мурун Дамаск менен кол коюлган мурунку келишимдерди бир нече жолу бузгандан кийин башталганын билдирди.