Зеленский социалдык тармактагы билдирүүсүндө аскердик жетекчилик, өкмөт жана коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү менен жолугушуп, фронттогу соңку кырдаалды талкуулашкандарын белгиледи.
Донецк аймагында Константиновка жана Славянск шаарлары багытындагы фронт линиясында Украина армиясы ташташы керек болгон кадамдарды жана Украинанын куралдуу күчтөрүндөгү кызматкерлерге байланыштуу маселелерди талкуулашканын белгилеген Зеленский, Украинадагы инфраструктураны орус чабуулдарынан коргоо максатында кошумча чараларды колдонуу сыяктуу маселелер да каралганын билдирди.
Союздаш өлкөлөрдөн Украинага абадан коргонуу системалары үчүн зарыл болгон ракеталарды жеткирүү олуттуу түрдө азайгандыгын белгилеген Зеленский: «Абадан коргонуу үчүн жеткирилген ракеталардын саны 2025-жылга салыштырмалуу 3 эсеге азайды. Биз бул жайдан гана эмес, 2026-жылдын биринчи жарымынын бардык мезгилдери жөнүндө сөз кылып жатабыз. Өнөктөштүрдүн ракеталары бар»,- деди.
Россиядагы мунай объекттерине карата кол салууларды улантып жатышканын белгилеген Зеленский: «Кол салуучу үчүн согуштун созулушунун баасы улам жогорулайт", - деди.




















