ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Индонезиядагы жер көчкүдөн каза болгондордун саны 50гө жетти, ондогон адам дайынсыз
Кыйын аба шарттарына карабастан, издөө-куткаруу иштери уланууда; аймакка ондогон оор техникалар жана көзөмөлдөөчү аппарат жайгаштырылды
Индонезиядагы жер көчкүдөн каза болгондордун саны 50гө жетти, ондогон адам дайынсыз
Катуу жаандан кийинки жер көчкү Батыш Бандунг районундагы Пасир Лангу айылында болду. / Reuters

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, ишемби күнү Индонезияда жер көчкүдөн каза болгондордун саны 50гө жетти, ал эми шаршемби күнү Батыш Явада дайынсыз жоголгон ондогон кишини издөө-куткаруу иштери улантылды.

Kompas TV каналы ыңгайсыз аба ырайына карабастан издөө-куткаруу иштеринин уланып жатканын, аймакка ондогон оор техникалардын жана көзөмөлдөөчү аппараттардын айгаштырылганын билдирди.

Шаршемби күнү эртең менен расмий өкүлдөр 32 адамдын дайынсыз жоголгонун билдиришти, ал эми мамлекеттик Antara News телеканалы 48 адамдын каза болгонун билдирди.

Кырсык кеминде 685 адамды жер которууга мажбур кылды, жана башка аймактарга жайгаштырылды.

Индонезия деңиз флотунун башкы штабынын төрагасы Мухаммед Али дүйшөмбү күнү аймакта машыгуу учурунда 23 аскердин жер көчкү астында калганын билдирди. Төрт аскердин каза болгону тастыкталса, 19 аскердин дайынсыз экендиги белгиленди.

Ишемби күнү Батыш Бандунг аймагындагы айылдардын биринде болгон жер көчкүдө ондогон үй ылай жана уранды астында калды.

Рельефи татаал болгон бул аймакта куткаруу иштери уланууда.

Иликте
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду
Франция Абу-Дабидеги Орусия-Украина сүйлөшүүлөрүнө Европанын да катышарын билдирди
Түркия-Ирак биргелешкен басма сөз билдирүүсү жарыяланды