Австралиядагы куралдуу кол салуудан кеминде үч адам каза болуп, бир адам жаракат алды

Окуя Жаңы Түштүк Уэльс штатындагы Лейк-Каргеллиго аймагында болду. Полиция дагы деле себептерин иликтеп жатат.

By
Полиция окуянын себебин аныктай элек. / AA

Австралиянын полициясы бейшемби күнү Жаңы Түштүк Уэльстеги кол салуудан үч адам каза болуп, бир адам жаракат алганын кабарлады.

Жаңы Түштүк Уэльс полициясы Лейк-Каргеллиго аймагында үч адамдын өмүрүн алган куралдуу кол салуу тууралуу маалымат алгандан кийин иликтөө баштаганын билдирди.

Окуядан улам 1500 калкы бар Каргеллигодогу дарекке тез жардам кызматы жөнөтүлгөнү айтылды.

Полициянын маалыматына караганда, окуя болгон жерде эки аял жана бир эркек киши каза болуп, бир эркек киши оор бирок туруктуу абалда ооруканага жеткирилди.

ABC News каналы кол салуучунун дагы деле качып жүргөнүн айтты.

Полиция азырынча кол салуунун себеби боюнча билдирүү тарата элек.

Полициянын жарыясында: "Коомчулуктан аймактан алыс болуу, ал эми жергиликтүү тургундардан үйлөрүндө калуулары талап кылынат. Окуя болгон жер курчоого алынып, окуянын жагдайлары боюнча иликтөө башталды", - деген сөздөр камтылды.