БУУ Бангладештеги Рохинжа качкындары үчүн шашылыш каржылоо чакырыгын салды
ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
БУУ Бангладештеги Рохинжа качкындары үчүн шашылыш каржылоо чакырыгын салдыТез арада жаңы каржылоо каралбаса, бир адамга ай сайын берилүүчү азык-түлүк жардамын 12,50 доллардан 6 долларга кыскартууга мажбур болот.
/ AFP

БУУ Бангладештеги Рохинжа качкындары үчүн шашылыш каржылоо чакырыгын салды

WFP Бангладеште жүргүзүлгөн  шашылыш жардам операциялары  үчүн оор финансылык кризистен улам азык-түлүк жардамынын коркунучта экендигин эскертти.

Уюм толук масштабдуу азык-түлүк жардамын улантуу үчүн апрель айына карата 15 миллион доллар жана 2025-жылдын аягына чейин 81 миллион доллардын керек экендигин билдирди.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Бангладеш кеңсесинен берилген билдирүүсүндө, эгер шашылыш түрдө жаңы каражат бөлүнбөсө, Рамазан айынын аягында майрамдалган Орозо айт майрамынан мурда  качкындарга  ай сайын берилүүчү азык-түлүк жардамынын киши башына 12,50 доллардан 6 долларга чейин төмөндөй турганы белгиленди.

Бангладештеги бардык рохинжа качкындары атайын соода түйүндөрүнөн өздөрү тандаган тамак-ашты сатып алуу үчүн купон системасы аркылуу колдоого алынууда.

Бангладеште 2017-жылы Мьянма армиясынын аскердик операцияларынан качкан 1,2 миллиондон ашуун рохинжа качкыны жашайт.

Шаршемби күнү Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Бангладештин качкындар боюнча расмий өкүлдөрүнө кат жөнөтүп, каражаттын жетишсиздигинен улам 1-апрелге чейин киши башына азык-түлүк жардамын эки эсе кыскартууну пландап жаткандыгын билдирди.

Бангладеш өкмөтү өткөн айда АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигин (USAID) жапкан АКШнын президенти Дональд Трамп администрациясын каржылык кризистен жооптуу экендигин айтты. USAID рохинжа качкындары үчүн Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 80% каржылаган. 

"Толугу менен көз каранды"

Акыркы айларда 100 миңден ашуун рохинжа качкындары Мьянмадагы кагылышуудан качып, Бангладешке баш калкалады.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы качкындардын коопсуздук издеп Бангладешке көчүүнү улантышынын ансыз да аз болгон ресурстарга чоң кысым жасап жатканын айтты.

"Рохинжа качкындар кризиси дүйнөдөгү эң ири жана көпкө созулган гуманитардык кризистердин бири болууну улантууда", - деген Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Бангладеш боюнча директору Дом Скальпелли буларды кошумчалады : «Бангладештеги рохинжа качкындары толугу менен гуманитардык жардамга көз каранды. Азык-түлүк жардамын кыскартуу аларды ачарчылык кризисине түртүп, аман калуу үчүн үмүтсүз жолдорго барууга мажбурлайт ».

Скальпелли:"Бул кризистин күчөшүнө жол бербөө үчүн шашылыш колдоо керек" .

2023-жылы болгон олуттуу каржылоо кыйынчылыгынан улам Дүйнөлүк азык-түлүк программасы киши башына азык-түлүк жардамын 12 доллардан 8 долларга чейин кыскартууга аргасыз болгон. Бирок бул сумма кийинчерээк кошумча каражат берүү менен көбөйтүлгөн.

Мыйзамдуу статусу болбогон, лагердин тышына чыгуу эркиндиги жок жана  туруктуу жашоо каражаттары жок рохинжа качкындары үчүн азык  - түлүк жардамында боло турган жаңы үзгүлтүктөр коргоо жана коопсуздук тобокелдиктерин дагыкүчөтөрү тууралуу  эскертти.

Иликте
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди
Хакан Фидан: «Каалообуз эртерээк Иран менен Американын  келишимге кайтып келиши»
АКШнын Иранга карата жасаган чабуулдары 9-түнүндө улантылды
Дүйнөлүк кубоктун ээси Испания