САЯСАТ
2 мүнөт окуу
АКШ менен Дания Гренландия боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт
Трамптын Гренландия боюнча пикирлери кеңири сынга алынды, атап айтканда Европа өлкөлөрү мындай кадам НАТОнун аяктап калышына алып келиши мүмкүн деп эскертишүүдө.
АКШ менен Дания Гренландия боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт
Даниянын Копенгаген шаарында желбиреп турган Гренландиянын желеги. 8-январь, 2026-жыл. / Reuters

Жекшемби күнкү жаңылыктарда дипломатиялык булактарга шилтеме жасап, АКШ менен Даниянын расмий өкүлдөрү ушул аптада Вашингтондун Даниядан стратегиялык жактан маанилүү Арктика аймагын көзөмөлгө алуу аракетинин алкагында Гренландия боюнча сүйлөшүүлөрдү пландаштырып жатышканы айтылууда.

CBS News телеканалынын маалыматы боюнча, жолугушуу шаршембиге белгиленген. АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио өткөн аптада Конгресске жабык эшик артында өткөн брифингде президент Дональд Трамп Даниянын аймагын сатып алууга кызыкдар экенин билдирген.

Шейшемби күнү Ак үй расмий өкүлдөр Гренландияны сатып алуу үчүн аскердик күч колдонууну кошо алганда, кеңири варианттарды карап жатканын билдирди.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Даниянын премьер-министри Трампты Гренландияны аннексиялоо коркутуусунан баш тартууга чакырды

Өткөн аптада Даниянын расмий өкүлдөрү менен жолугушкан АКШ сенатору Тим Кейн жекшемби күнү эки партиянын мыйзам чыгаруучулары Гренландияны басып алуу боюнча ар кандай аскердик аракеттерге каршы биригет деп ишенерин билдирди.

Демократ сенатор Кейн Трамптын мурунку комментарийине шилтеме жасап: «Биз муну оор жол менен да, оңой жол менен да жасабайбыз. Биз союздаш жана эгемендүү мамлекет болгон Дания менен кызматташууну улантабыз жана аларды душман же каршылаш катары көрбөйбүз», - деди.

 3-январда америкалык күчтөр Венесуэланын президенти Николас Мадурону уурдап кеткен аскердик операциядан бери Трамптын администрациясы Гренландияны «басып алуу» боюнча катаал риториканы кабыл алып, бул улуттук коопсуздук үчүн зарыл деп эсептейт.

Гренландиянын саясий партияларынын лидерлери жума күнү АКШга кошулууга каршы экенин кайталап, «Биз америкалык болгубуз келбейт, биз даниялык болгубуз келбейт, биз гренландиялык болгубуз келет» дешти.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Трамп:«Эгер биз буну жасабасак, Россия же Кытай Гренландияны басып алат»

Трамп жума күнкү билдирүүсүндө: «Биз Гренландия жөнүндө бир нерсе кылабыз, алар кааласа да, каалабаса да, анткени эгер биз каалабасак, Орусия же Кытай Гренландияны басып алышат. Биз Орусияны же Кытайды кошуна катары көргүбүз келбейт»,- деди.

Трамп аскердик вариантты четке кагуудан баш тартып, «Мен оңой келишим түзгүм келет, бирок эгер биз муну оңой жол менен жасай албасак, биз аны оор жол менен жасайбыз»,деди.

Трамптын комментарийлери дүйнө жүзү боюнча реакцияларды жаратты. Айрыкча Европа өлкөлөрү мындай кадам НАТОнун жок болушуна алып келиши мүмкүн деп эскертишти.

Иликте
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайы экспорттук ийгилигин улантууда
Иран армиясынын басма сөз катчысы Экреминия "АКШга жооп кайтарабыз" деп эскертти
Австралия Борнеодогу токой өрттөрүн өчүрүүгө жардам берүү үчүн Индонезияга учак жөнөттү
АКШ Кубанын армиясына жана энергетикалык камсыздоо тармактарына каршы жаңы санкцияларды жарыялады
Путин Япониянын JTI тамеки компаниясынын Россиядагы активдерин убактылуу башкарууга өткөрдү
НАТО-Украина кеңеши Брюсселде кезексиз жыйын өткөрдү
Европа Биримдигинен Украинага 4,36 миллиард евролук колдоо
Эмине Эрдоган Түркия менен Түштүк Кореянын ортосундагы "терең тамырлаган достукка" көңүл бурду
Брюсселге бара жаткан учак бомба коркунучунан кийин Брюссель аэропортуна коопсуз конду
Греция: Студенттер жана мугалимдер кайрадан көчөгө чыгышты
Орусиянын Рязань облусундагы өнөр жай объектилерине дрондук кол салуудан бир адам жаракат алды
Министр Чифтчи: Италия менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыгыбызды бекемдөөнү максаттоодобуз
Фенербахче англиялык Ливерпульду "жеңди"
АКШ өзүнүн инвентаризациясынан эки тыңчы учагынын бирин Жакынкы Чыгышка жөнөттү
Хаменеи: АКШдагы шайлоо Ирандын саясатын өзгөртпөйт