САЯСАТ
2 мүнөт окуу
Трамп:«Эгер биз муну жасабасак, Россия же Кытай Гренландияны басып алат»
АКШнын президенти Трамп Даниянын Гренландияга болгон дооматтарынан күмөн санап: "500 жыл мурун ал жерде бир кеменин кургактыкка чыгышы алар ал жерге ээ деген маанини билдирбейт",- деди.
Трамп:«Эгер биз муну жасабасак, Россия же Кытай Гренландияны басып алат»
2025-жылдын 17-сентябрында Гренландиянын Кангерлуссуак аймагында өткөн аскердик машыгуу учурунда француз куралдуу күчтөрүнүн мүчөсү муз үстүндө басып баратат. [Архив] / Reuters

АКШнын президенти Дональд Трамп Гренландияны басып алуу боюнча коркутууларын кайталап, Вашингтондун Арктика аралын алуу үчүн "оңой же оор жол менен" аракет кыларын билдирди.

Жума күнү Ак үйдө мунай жана газ тармагынын жетекчилери менен болгон жолугушууда сөз сүйлөгөн Трамп Даниянын Гренландияга болгон эгемендүүлүгүн четке кагып, АКШнын кийлигишүүсүн улуттук коопсуздуктун зарылдыгы катары көрсөттү.

"Алар кааласа да, каалабаса да Гренландия тууралуу бир нерсе кылабыз. Анткени эгер биз муну кылбасак Россия же Кытай Гренландияны басып алат жана биз бул эки өлкө менен коңшу болгубуз келбейт. Россия же Кытайдын Гренландияны басып алышына жол бербейбиз", - деди Трамп.

Трамп Дания жана Гренландиянын расмий өкүлдөрү менен макулдашууга артыкчылык берерин айтты, бирок күч колдонуунун бир вариант экенин али да күчүндө экендигин белгиледи.

Дональд Трамп: "Билгениңиздердей мен көбүнчө оңой жол менен чечүүнү каалаймын. Оңой жол менен чече албасак кыйын жолду тандайбыз", - деди.

Трамп Гренландиянын стратегиялык жайгашуусу жана кен байлыктары, өзгөчө Арктикадагы атаандаштык күчөгөн сайын, АКШнын коопсуздук кызыкчылыктары үчүн маанилүү экендигин бир нече жолу айткан.

Европада чоң тынчсыздануу

Дания жана башка европалык союздаштар Трамптын сөздөрүнө кооптонуу менен жооп кайтарып, Гренландияны басып алуу аракети НАТОну жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки коопсуздук түзүмүн алсыратаары тууралуу эскертти.

Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен буга чейин АКШнын Гренландияга басып киришинин "баарын" жок кыларын айткан, бул сөз менен трансатлантикалык альянс жана ондогон жылдар бою биргелешкен коопсуздук келишимдерине шилтеме жасаган.

Трамп болсо Копенгагенге каршы эч кандай жаман ниети жок экенин айтып: "Мен Данияга суктанам, айта кетчү нерсе, мага абдан сылык мамиле кылышты. Бирок 500 жыл мурун ал жерде кургактыкка кеме чыгарышы алардын жердин ээси экенин билдирбейт",- деди.

Рубио Дания жана Гренландия өкүлдөрү менен жолугушат

Гренландияда буга чейин АКШнын аскердик базасы жайгашкан жана Вашингтон аралда стратегиялык катышуусун көптөн бери сактап келет.

Трамптын комментарийлери бул позициядан түз эле көзөмөлгө өтүү аракетин билдирет.

Билдирүүнүн убактысы да көңүлдөрдү бурууда.

Трамп буларды Венесуэлада президент Николас Мадурону кармоо менен жыйынтыкталган АКШнын аскердик операциясынан кийин айтты; бул аракет эл аралык сынга кабылып, Вашингтондун өз чек арасынан тышкары күч колдонуу чечкиндүүлүгү тууралуу кооптонуу жаратты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубионун келерки аптада Даниянын тышкы иштер министри жана Гренландиянын өкүлдөрү менен жолугушары күтүлүүдө. Бул кадам менен Трамп "оңой жол" варианты дагы деле ишке ашар-ашпасын сынап көрөт.

Азырынча Трамптын ачык эскертүүсү Америка Кошмо Штаттары, Дания жана Европа Биримдигинин ортосундагы мамилелерге жаңы белгисиздикти кошууда; Вашингтондун Арктикадагы кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн канчалык алыска барууга даяр экендиги боюнча суроолор да жаралууда.

Иликте
Украина: Орусиянын Воронеж шаарындагы ракета компоненттерин чыгаруучу заводго кол салдык
Орусия 60 дронду атып түшүргөнүн билдирди; Москвадагы аэропорттор кыска мөөнөткө жабылды
Шара: «Биз Сириянын Ливанга мурдагы аскердик кийлигишүүсүнүн ыкмасына кайткыбыз келбейт»
Зеленский Орусиянын ири чабуулга даярданып жатканын айтты
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
Каирдеги жолугушуу башталды
НАТОнун Парламенттик cаммити Стамбулда өтөт
Ирандын сүйлөшүүчүлөрү жана АКШнын вице-президенти Вэнс сүйлөшүү үчүн Швейцарияга келди
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Министр Фидан Каирде жолугушууларды өткөрдү
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат