ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Ак үйдүн жетекчиси - Трамп АКШнын Украинага карата жардамдарын токтотту
Ак үй Трамптын өнөктөштөрүнөн тынчтыкка көңүл буруусун каалагандыгын айтты.
00:00
Ак үйдүн жетекчиси  -  Трамп АКШнын  Украинага карата жардамдарын токтотту
/ Archivo AFP

Бир жетекчи Франс Пресс агенттигине (AFP) АКШнын президенти Дональд Трамптын Украинага карата жардамдарды токтоткондугун билдирди жана Киевге Россия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусу үчүн кысымды күчөттү.

«Президент тынчтыкка көңүл бургандыгын белгиледи. Өнөктөштөрүбүз да бул максатты колдоосу керек. Жардамдарыбызды токтото турабыз жана чечимге  салым кошконуна ишенүү үчүн текшерип жатабыз»,- деди Ак үйдүн жетекчиси.

Бул буйрук The Wall Street Journal АКШнын учурдагы жана мурдагы жетекчилерине таянып, дүйшөмбү күнү администрациянын тышкы жардамды тоңдурганына байланыштуу каржылоонун акыркы апталарда токтотулганын жазгандан кийин чыкты.

Бирок, Украинага негизги курал-жарак өткөрүү каналынын жабылуу ыктымалы президент Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Ак үйдөгү чыңалуу менен өткөн жолугушуусунан бир нече күндөн кийин ишке ашууда.

Коомчулуктагы талкуу Зеленскийдин Трамптын Россия менен үч жылга созулган согушту токтотуу боюнча келишимге ортомчулук кылуу аракети туруктуу тынчтыкка алып келбеши мүмкүн деген күмөн саноо боюнча болууда.

Талаш  - тартыштан кийин  Зеленский Ак үйдөн чыкты жана маанидүү минералдар тууралуу келишим үчүн пландалган кол коюу аземи жана пресс  - жыйын токтотулду.

Ак үйдөгү пресс-брифингде АКШнын Украинага аскердик жардамдарды токтотуп же токтотпой тургандыгы тууралуу суроого  Трамптын азыркы учурда бул тууралуу «азырынча эч нерсе айтпагандыгы» билдирилди.

«Көпкө бул жерде болбойт»

Эрте мененки сааттарда АКШнын президенти Зеленскийге эгерде Украинанын президенти Россия менен согушту тез арада токтотуу боюнча оюн өзгөртпөсө, Украинага берилип жаткан АКШ жардамдарынын «көпкө созулбай» тургандыгын эскертти.

Өзгөчө Зеленский Россия менен келишим түзбөсө «көпкө бул жерде болбой тургандыгын» да айтты.

«Балким кимдир бирөө келишим түзүүнү каалап жатат жана кимдир бирөө келишим түзүүнү каалабаган болсо ал киши бул жерде көпкө турбайт деп ойлоймун»,- деди Трамп. Андан кийин муну кошумчалады : «Ал кишиге көпкө кулак салынбайт анткени Россиянын келишим түзүүнү каалагандыгына ишенемин. Украина калкы да келишим түзүүнү каалайт деп ишенем».

Ошол эле учурда The Wall Street Journal Ак Үйдүн курал-жарак жеткирүүнү токтотуу боюнча жыйын өткөрүп жатканын, бул тууралуу Конгресстин жардамчысы жана бул ишке жакын адамдын маалымдагандыгын билдирди.

Трамптын билдирүүсүнөн көп өтпөй Зеленский АКШнын тынчтыкты камсыздоодогу колдоосунун уланарынан үмүттүү экендигин айтып, Украинанын Вашингтон жана Европадагы өнөктөштөрү менен согушту токтотуу үчүн тыгыз иштеп жаткандыгын баса белгиледи.

Украинанын лидери Х эсебинен чыныгы коопсуздук кепилдиктеринин зарыл экендигин белгилеп Х эсебинен: «Биз Америка жана Европадагы өнөктөштөрүбүз менен биргеликте иштеп жатабыз жана тынчтык жолунда АКШнын колдоосунан чоң үмүттүүбүз», – деп билдирди.

 

 

 

 

Иликте
"Европа-Атлантика коопсуздугунун келечегин калыптандыруу" боюнча жыйын өттү
Дүйнө чемпионаты оюнунда кагылышуу чыкты
Трамптын бутасындагы Харк аралы тууралуу эмнелер белгилүү?
АКШ НАТОнун Европадагы операцияларын кескин кыскартууну пландаштырууда
Канаданын премьер-министри Карни: Түркия НАТОнун маанилүү өнөктөшү
Трамп Иранга карата пландалган кол салууну токтотту; келишим түзүү белгисин берди
Шакира менен Бурна Бой Дүйнөлүк Кубоктун ачылышында чогуу ырдашты
Белфасттагы зордук-зомбулук окуяларынан кийин Британия Ирландия чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү
Сирия купуя документтерди интернетке чыгарып жиберген киберчабуул боюнча иликтөө жүргүзүп жатат
Кудс губернаторулугу: "Израиль UNRWA'га таандык билим берүү комплексин жок кылууну пландап жатат"
Инд океанында  ушул кезге чейинки эң терең жана эң чоң кит көрүстөнү табылды
Пакистан Индия суу агымын чектесе "олуттуу кесепеттерге" дуушар болорун эскертти
Бурханеттин Дуран: Түркия жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн эшиктерин ачууну улантат
Тышкы иштер министри Фиданды Болгариянын премьер-министри Радев кабыл алды
Эрдоган Түрк Кызылайы дүйнөлүк гуманитардык жардам аракеттери менен өзгөчөлөнгөнүн айтты