Шейшембиде The New York Times гезити сүйлөшүүлөргө катышкан ирандык эки жогорку даражалуу аткаминерге жана пландарды жакшы билген америкалык аткаминерге шилтеме кылып жарыялаган кабарга ылайык, Америка Кошмо Штаттары 100гө жакын ирандыкты Иранга депортациялады.
Ирандык расмий өкүлдөрдүн айтымында, АКШ тарабынан жалданган учак дүйшөмбү күнү Луизианадан учуп чыгып, шейшемби күнү Катар аркылуу Иранга жетиши пландалган.
“Ирандыктардын өздүктөрү жана алардын АКШга көчүүгө аракет кылуу себептери тактала элек” деп жазды гезит.
Ак үй жана АКШнын Мамлекеттик департаменти Рейтер агенттигинин комментарий берүү өтүнүчүнө азырынча жооп бере элек.










