Глобалдык Сумуд флотилиясы Тунис аркылуу курчоодогу Газага жардам жеткирүү үчүн даярданып жаткан жардам конвоюндагы бир кемеге дрон менен кол салуу жаслагандыгын билдирди.
Флотилия шейшемби күнү Инстаграм аркылуу : “Дагы бир кеме дрон чабуулуна кабылды. Жаракат алгандар жок. Абал тууралуу жакында маалымат берилет”, – деп билдирилди.
Активист Лейла Хегази нөөмөт алмашуу учурунда “Альма” аттуу кемеге жасалган кол салуу тууралуу билдирди. “Бул кемелерден бирине карата экинчи дрон кол салуу. Бул күн сайын кайталанбайт деп ойлойбуз. Анткени көп оюн ойнолуп жатат”,- деди.
Дагы бир активист кол салууга өз көзү менен күбө болгонун, учкучсуз учуучу аппаратты өрт чыкканга чейин "алардын үстүндө, болжол менен 6 метр аралыкта" көргөнүн айтты. "Биз сигнал бердик. Кыйкырдык. Шлангдарды даярдадык, өрт эки мүнөттө өчүрүлдү", — деди.
Активист түз эфирде алгачкы текшерүүдөн кийин кеменин структурасында олуттуу бузулуулардын болбогонун жана баарынын аман-эсен экенин айтты. "Эки түн катары менен... Бул кокустук эмес. Бул кокустук эмес. Кырсык эмес. Бул биздин миссиябызга карата коркунуч жана биз ага өтө олуттуу мамиле жасайбыз",- деди.
‘Коркутуу тактикасы’
Активист мунун “адамдарды коркутуу менен эртең кемеге түшүүдөн баш тарттыруу үчүн ачык түрдө коркутуу тактикасы”,- деп кошумчалады.
Флотилия буга чейин шейшемби күнү негизги кемеси “Үй - бүлөлүк кемесинин” Тунис жакындарында бир дрон тарабынан атылганын билдирген.
Араб тилинде “чыдамкайлык” деген мааниге келген Сумуд аттуу Глобалдык Сумуд флотилиясы араларында дарыгерлер, журналисттер жана активисттер да болгон ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулар менен 50дөн ашык кемеден турат.
Тунистиктер, түрктөр, Европа, Африка жана Азиядан катышуучулар менен 150гө жакын активист бул демилгеге колдоо берүүдө.
Флотилия Италиянын Генуя шаарынан чыккан дагы бир топ менен бирге август айынын аягында Барселонадан жолго чыккан. Кеменин шаршемби күнү Тунистен Газага карай жолго чыгышы күтүлүүдө.
Демилге Израилдин Газага жасаган блокадасын бузууну жана аймакка гуманитардык жардам жеткирүүнү көздөөдө.
БУУ колдогон Комплекстүү азык-түлүк коопсуздугу фазасы классификациясы (IPC) 22-августтагы отчетунда Газанын түндүгүндө ачарчылыктын башталганын жана Израилдин блокадасынын улануусу менен жайыла турганын эскертти.
Израиль 2023-жылдын октябрь айынан бери Газада 65 000ге жакын палестиналыкты өлтүрдү, алардын көбү аялдар жана балдар. Курчоого алынган аймакты талкалап, калкынын дээрлик баарын жер которууга мажбур кылды.
Өткөн жылдын ноябрында Эл аралык кылмыш соту Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галлантты Газадагы согуш кылмыштары жана адамзатка каршы кылмыштары үчүн камакка алууга ордер чыгарган.










