26-августта Непалдын Кытайдын Тибет аймагы менен чек арасында башталган жана өлкө тарыхындагы эң кыйратуучу табигый кырсыктардын бири катары катталган сел апаатынан кийин издөө-куткаруу иштери расмий түрдө аяктады.
Дүйшөмбү күнү расмий өкүлдөрдүн билдирүүсүнө ылайык, кеминде 1455 адамдын өлүмү тастыкталды, ал эми 5285 адам дайынсыз болууда. Бир нече жумага созулган татаал операциялардан кийин жалпысынан 13 миң 795 адам тирүү куткарылды.
Улуттук өзгөчө кырдаалдар операциялары борборунун башчысы Фаниндра Паудель эл аралык маалымат агенттиктерине алар азыр издөө-куткаруу этабынан издөө-калыбына келтирүү этабына өткөндөрүн билдирди.
Дайынсыз жоголгондордун туугандарына камсыздандыруу, банк жана башка административдик процедураларды аткарууга мүмкүндүк берүү үчүн юридикалык процессти баштай тургандарын айткан Паудель, дайынсыз жоголгондорду расмий түрдө каза болгон деп жарыялоо үстүндө иштеп жатышканын жана зарыл болгон юридикалык процедуралар күчүнө киргенин кошумчалады.
Улуттук кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана башкаруу органынын башчысы Дхарам Раж Упрети болсо бийлик мындан ары сөөктөрдү активдүү издебей турганын, бирок калыбына келтирүү процессинде табылган калдыктар, жеке буюмдар же баалуу буюмдар сакталып калаарын маалымдады.
Упрети ошондой эле шашылыш зарылчылык же билдирүү пайда болгон учурда куткаруу иш-аракеттери жүргүзүлүшү мүмкүн экенин баса белгиледи.
Олуттуу кыйроолорду алып келген суу ташкыны Непалдын инфраструктурасына да оор сокку урду. Суу ташкындарынын натыйжасында 12 гидроэлектр станциясынын долбоору, ошондой эле көптөгөн жолдор, көпүрөлөр, айыл чарба жерлери жана конуштар толугу менен колдонууга жараксыз болуп калды.
Кырсыктан улам жер которгон миңдеген адамдарга калыбына келтирүү жана бузулган инфраструктураны тез арада оңдоого жардам берүү үчүн комплекстүү калыбына келтирүү программасын даярдаган расмий өкүлдөр бул аракеттердин баарын аягына чыгаруу үчүн дээрлик 5 миллиард долларлык бюджет керек экенин билдиришти.


















