ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду
АКШнын Геологиялык кызматы (USGS) жер титирөө жума күнү саат 06:20да, Сагаинг шаарынан 16 км түндүк-батышта, 10 км тереңдикте катталганын билдирди. Жер силкинүү Таиланддын түндүгүндө, Бангкокто жана Кытайдын Юньнань провинциясында да сезилди.
Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен жер титирөө болду

Америка Кошмо Штаттарынын Геологиялык изилдөөлөр кызматы (USGS) Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен катуу жер титирөө болгонун билдирди. Бул жер титирөө Найпьидо шаарындагы жолдорду бузуп, анын термелүүлөрү Кытай менен Таиландда да сезилди.

USGS маалыматына ылайык, жер титирөө Сагаинг шаарынан 16 чакырым түндүк-батышта жана 10 километр тереңдикте катталды.

Бангкокто айрым метро жана жеңил темир жол кызматтары убактылуу токтотулду.

Нейпидоудагы журналисттер жер титирөөнүн кесепетинен жолдор жарылып, имараттардын бөлүктөрү кулап түшкөнүн кабарлашты.

Термелүүлөр Таиланддын түндүгүнөн Бангкокко чейин сезилди. Бангкокто жашоочулар имараттар титиреп жатканда көчөлөргө чуркап чыгышты.

Жер титирөө Кытайдын түштүк-батышындагы Юньнань провинциясында да сезилди. Пекиндин жер титирөө агенттигинин маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү 7,9 баллга жетти.

Иликте
Украинанын президенти Зеленский: "Биз Европа Биримдигине толук мүчө болууга татыктуубуз"
Иран армиясы:"Кувейт жана Бахрейндеги АКШ базалары менен борборлоруна дрондор менен чабуул жасадык"
Тышкы иштер министри Фидан Украинага барат
Коопсуздук боюнча башкармалык 15-июль Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата видео жарыялады
Иранда суу өндүрүүчү жайга кол салуу болду
15-июль түнүндөгү окуялар жана элдин дастанга айланган каршылыгы
Иран армиясынын басма сөз катчысы: "Ормуз кысыгы АКШнын чабуулдары менен ачылбайт"
Деңиз күчтөрүнүн командири Татлыоглу Латакияга барды
Президент Эрдоган Пакистандын коргонуу  жана кургактык күчтөрүнүн командири Мунирди кабыл алды
Феттулахчы террордук уюм (ФЕТӨ) деген эмне?
Түркия 2016-жылдын 15-июлунда ишке ашпай калган төңкөрүш аракети менен билинген Bylock
Алиев Түркия-Азербайжан карым - катнаштарына баа берди:"Ушундай жакын дос болгон башка эки өлкө жок"
МИТ ДЕАШ террордук уюмунун жетекчилеринин бири болгон Талип Гүлерди кармады
Түркия  Дамаскта өткөн Сирия Элдик парламентинин биринчи сессиясын ыраазычылык менен кабыл алды
Түрк изилдөөчүлөрүнүн жасалма интеллект боюнча изилдөөсү эл аралык адабияттарга кирди