ТҮРКИЯ
1 мүнөт окуу
Түркия хуситтердин Эр-Рияддагы Финансы борборуна жасаган чабуулун айыптады
"Биз хуситтердин чабуулдарына карабастан Сауд Арабиясы менен толук тилектеш экенибизди баса белгилейбиз жана өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганыбызды дагы бир жолу ырастайбыз."
Түркия хуситтердин Эр-Рияддагы Финансы борборуна жасаган чабуулун айыптады
Түркия хуситтердин Эр-Рияддагы Каржы борборуна жасаган чабуулун айыптады / АА
 

Түркия Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчуларынын Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияддагы Король Абдулла каржы борборуна жасаган чабуулун кескин айыптады.

Тышкы иштер министрлиги Сауд Арабиясына багытталган хуситтердин чабуулуна байланыштуу жазуу жүзүндө билдирүү жарыялады.

Билдирүүдө: «Биз хуситтердин Сауд Арабиясынын борбору Эр-Рияддагы Король Абдулла каржы борборуна жасаган чабуулун кескин айыптайбыз жана жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз», - деп айтылды.

Билдирүүдө жарандык объектилерге багытталган жана аймактык тынчтыкка жана коопсуздукка коркунуч келтирген бул аракеттерди тез арада токтотууга чакырык кайталанып, мындай деп кошумчаланды: «Биз уланып жаткан хусилердин чабуулдарына каршы Сауд Арабиясы менен толук тилектештигибизди баса белгилейбиз жана өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн колдой турганыбызды дагы бир жолу ырастайбыз».

Сауд Арабиясына кол салуулар

Йемендеги кризис хуситтер 2014-жылдын сентябрь айында борбор шаар Сананы жана башка айрым аймактарды басып алгандан кийин тереңдеген.

Ушул окуялардан кийин Сауд Арабиясы жетектеген Араб коалициясы 2015-жылдын март айында эл аралык деңгээлде таанылган Йемен өкмөтүн колдой баштаган.

2022-жылдын апрель айында күчүнө кирген ок атышууну токтотуу менен салыштырмалуу тынч мезгилди башынан өткөргөн өлкөдө июль айынан бери кайрадан күчөгөн чыр-чатактар ​​жердеги көзөмөл картасын өзгөрттү. 

Йемендеги өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарга кол салууларын көбөйткөн Иран колдогон хуситтер Сауд Арабиясын баллистикалык ракеталар жана дрондор менен да бутага алууда.

Иликте
Египетте күйүүчү май танкериндеги өрттөн 31 адам каза болду
Россия: "Украинага чет элдик аскерлердин жайгаштырылышына жол берилбейт"
Германиянын канцлери Мерц: "Орусия Украинадан алда канча көптү талап кылып жатат"
Президент Эрдоган көркөм өнөр лицейинин окуучулары менен жолугушту
Иран Перс булуңунун үстүндө АКШнын MQ-9 жана Лукас дрондорун атып түшүргөнүн жарыялады
Паландөкен экономикалык форуму Эрзурумда өтөт
Нигерде Боко Харамдын кол салуусунан 11 аскер каза болду
Түрк делегациясы Анкарада Хафтар жана анын делегациясы менен жолугушту
Германияда солчул депутаттар Берлинде Моссаддын мурдагы башчысына каршы чыгышты
Пхеньян балдар лагерине каршы санкциялар боюнча Швейцариянын элчисин өлкөдөн чыгарды
2030-жылга чейин дагы 18 шаар жогорку ылдамдыктагы темир жол менен туташтырылат
Түркиянын Галатасарай командасы Англиянын Астон Вилла командасын" 1:0 эсебинде жеңди
Вьетнамда ресторандагы жарылуудан алты адам каза болуп, 14 адам жаракат алды
АКШда кичинекей учактын кулашынан 2си бала 6 адам көз жумду
Индонезияда алтын кенинин урашынан кийин ондогон адам камалып калды