ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Израиль ок атышууну токтотууга карабастан, Газага жаңыдан абадан сокку урууда
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль армиясы чабуулдарын улантууда. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кеминде 424 палестиналык каза болуп, 1189у жаракат алды.
Израиль ок атышууну токтотууга карабастан, Газага жаңыдан абадан сокку урууда
Палестиналыктар Газанын борборунда бейшемби күнкү Израилдин үйгө жасаган соккусу болгон жерди текшерип жатышат, 2026-жылдын 9-январы. / Reuters

Израиль күчтөрү 2025-жылдын октябрь айынан бери күчүндө болгон ок атышууну токтотуу келишимин дагы бир жолу бузуп, ишемби күнү эртең менен Газанын бир нече аймагына абадан сокку урду жана артиллериялык ок атты.

Жергиликтүү булактар ​​ок атышууну токтотуу келишиминин алкагында Израилдин артиллериясы Газа шаарынын чыгыш бөлүктөрүн, Израилдин көзөмөлүндөгү аймактарды бутага алганын билдиришти.

Ошол эле булактар бир Израиль аскердик учагынын Газанын түндүгүндөгү бир жерди атканын жана бир аскердик тик учактын Жабалия шаарынын чыгыш аймактарын аткылаганын булактар айтышты.

Газанын түштүгүндө Израиль учактары Рафах шаарына абалан сокку урду жана Израилдин аскердик унаалары шаардын түндгүндөгү аймактарга ок атты. Рафах азыркы учурда толугу менен Израилдин көзөмөлүндө.

2023-жылдын октябрь айынан бери Израиль армиясы блокада астындагы аймакты кыйраткан аесуз кол салууларынын негизинде көпчүлүрү аялдар жана балдар болгон 71,400дөн ашык палестиналыкты өлтүрдү жана 171 000дөн ашык адамды жарадар кылды.

Палестина Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдиргенине караганда Израиль ок атышпоо келишимине кол коюлгандан бери 424 палестиналыкты өлтүрдү жана 1. 189 адамды жарадар кылды.

Иликте
Израиль оккупация астындагы Чыгыш Кудста кечил аялга кол салды
Иран депутаты өлкөдө көпкө созула турган согушка жетиштүү ракета жана дрон запасы бар экенин айтты
Израиль басып алынган Батыш Шериада 100дөн ашык мыйзамсыз конуштарды курууга уруксат берди
Израиль басып алган Батыш Шериада бир палестиналыкты өлтүрдү
Израиль полициясы Палестинанын желеги деп ойлоп  Венгриянын желегин тартып алды
Индияда катуу ысык болуп, жетекчилер жардам көрсөтүү чараларын карап жатат
Мексика өлкөдөгү ЦРУ агенттерин иликтейт
АКШнын согуш министри Иран менен болгон согуш боюнча биринчи жолу көрсөтмө берет
Трамп жардамчыларына блокадага даярдануу буйругун берди
БУУнун Коопсуздук Кеңеши Газадагы ок атышууну "адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка" айлантууга чакырды
Мунай баалары АКШнын Иранга карата блокаданы узартуу пландарынан улам көтөрүлдү
Нетаньяху Иран согушу башталгандан бери биринчи жолу коррупция боюнча сот алдына чыкты
Парламент президентти шайлай алган жок; Косово мөөнөтүнөн мурда жалпы шайлоо өткөрөт
Ок атышууну токтотууга карабастан, Израиль Газага кол салууларын улантууда жана бир бала каза болду
Перс булуңунун лидерлери Жиддада саммит өткөрүштү