ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
МАГАТЭ: Иран өзөктүк кызматташтыгын жакшыртуусу керек
Гросси МАГАТЭ июнь айынан бери Иранда көптөгөн текшерүүлөрдү жүргүзгөнүн, бирок АКШ бомбалаган Фордоу, Натанз жана Исфахан сыяктуу маанилүү жерлерге кирүүгө уруксат берилбегенин билдирди.
МАГАТЭ: Иран өзөктүк кызматташтыгын жакшыртуусу керек
МАГАТЭ: Иран өзөктүк кызматташтыгын жакшыртуусу керек / AP
 

Financial Times гезити шаршемби күнү Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) директору Рафаэль Гроссиге шилтеме кылып, Иран Батыш менен чыңалуунун күчөшүнө жол бербөө үчүн БУУнун инспекторлору менен кызматташтыгын "олуттуу түрдө жакшыртуусу" керек деп билдирди.

Гросси Financial Times гезитине берген маегинде МАГАТЭ Израиль менен июнь айындагы чыңалуудан бери Иранда он чакты текшерүү жүргүзгөнүн, бирок мурда АКШ тарабынан бомбаланган Фордоу, Натанз жана Исфахан сыяктуу ядролук объектилерге кире албай жатканын кабарлады.

Гросси октябрь айында Ирандын байытылган уран корунун жанында активдүүлүк байкалганын, бирок бул "байытуу иштери жүрүп жатат" дегенди билдирбегенин айткан.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Исмаил Бекайи болсо “Гросси Ирандын ядролук программасынын тынчтыкчыл мүнөздө экенин жакшы билет жана негизсиз пикирлерди билдирбеши керек” деген эле.

Татаал мамилелер

Ирандын расмий өкүлдөрү МАГАТЭни Израилдин бомбалоосуна негиз түзүп берди деп айыпташты. Бул бомбалоо агенттиктин башкаруу кеңеши Иранды Ядролук куралдарды жайылтпоо келишиминин шарттарын бузду деп жарыялагандан кийинки күнү башталган.

Гросси FT басылмасына агенттик Иран менен болгон "татаал" мамилелерди түшүнүү менен карап жатканын, бирок Иран өз милдеттенмелерин аткарышы керектигин баса белгилеп: "Сиз Өзөктүк куралды жайылтпоо келишиминин алкагында калам деп айтып, андан кийин өз милдеттенмелериңизди этибарга албай коё албайсыз. МАГАТЭден "Макул сиз башка категориядасыз, анткени согуш жүрүп жатат..." деп айтат деп күтө албайсыз.... Болбосо мен бул материал боюнча көзөмөлдү толугу менен жоготтум деп билдирүүгө туура келет", - деди.

Иликте
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды