Өкмөттүн бир министри 19 киши каза болгон нааразычылык акцияларынна кийин Непалдын социалдык медиа тууралуу тыюу салууларынын жоюлгандыгын билдирди.
Министрлер кабинетинин басма сөз катчысы жана байланыш жана маалыматтык технологиялар министри Притхви Субба Гурунг өткөн аптада шейшемби күнү киргизилген социалдык медиага тыюу салуунун жоюлгандыгын жарыялады.
Чечим кенен жайылган коррупцияга каршы уюштурулган "Z мууну" нааразычылык акцияларында 19 кишинин каза болушу жана 100дөн ашуунун жараланышынан кийин чыкты. Нааразычылык акциялары социалдык медиага тыюу салууга каршылык көрсөтүү менен башталган.
Гурунг Reuters агенттигине : "Социалдык тармактарды колдонууга тыюу салуу чечимин жойдук. Азыркы учурда иштеп жатат”,- деди.
Премьер-министр К.П. Шарма Оли "ар кандай жеке кызыкчылыктардын киришинен” улам чыккан зордук-зомбулукка кайгырганын билдирди. Оли каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүлөрүн жана жаралуулардын акысыз дарылана тургандыгын жарыялады.
Оли дүйшөмбү күнү берген билдирүүсүндө : "Мындай окуялардын келечекте күч албашы үчүн себептерин изилдеп, чыгымдарды карап чыгып, чараларды сунуштай турган териштирүү комиссиясы 15 күндүн ичинде курулат”,- деди.
"Z муунунун" нааразычылыктары
Гималай өлкөсүнүн башка шаарларына да жайылган нааразылык акцияларын уюштуруучулар демонстрацияларды "Z муунунун акциялары" деп мүнөздөшүүдө. Уюштуруучулар акциялар жаштардын коррупцияга каршы күрөшүү жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү боюнча өкмөттүн аракетсиздигине болгон кыжыдануусун чагылдырарын белгилешүүдө.
Өткөн жумадагы тыюу салуу бир нече социалдык медиа платформаларына, анын ичинде Фейсбукка кирүүгө бөгөт койгон. Бул чечим жаштардын нааразычылыгына жол ачты.
Бийликтердин айтымында, тыюу жасалма ID, жалган маалымат жана кастык сөздөр менен күрөшүүнүн алкагында өкмөттө катталбаган социалдык медиа платформаларына багытталган.
Непалдын негизги оппозициялык партиясы бул чечимди сынга алган.









