ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Колу кандуу Нетаньяху: Азыркы учурда Ливан менен ок атышпоо жок
Нетаньяху Ливан менен ок атышууну токтотуу боюнча келишимге али жетише электигин, учурда ок атышуу токтотула электигин билдирди.
Колу кандуу Нетаньяху: Азыркы учурда Ливан менен ок атышпоо жок
Нетаньяху (Reuters)

 Израилдин мамлекеттик телеканалы KAN жарыялаган билдирүүгө ылайык, геноцидчи Нетаньяху коопсуздук кабинетинин жыйынында сөз сүйлөдү.

Ливан менен ок атышууну токтотуу келишими али бүтө электигин айткан Нетаньяху: "Израилдин көз карашы боюнча, учурда Ливан менен ок атышууну токтотуу жок", - деди.

 Хизбулланын ок атышууну токтотуу сунуштарына каршы экенин айткан Нетаньяху: "Израиль менен Ливандын ортосундагы ок атышууну токтотуу келишими али толук иштелип чыга элек жана бүтө элек", - деди.

 Израилдин башкы штабынын төрагасы  Эял Замир да жыйында саясий деңгээлде кийинки этап үчүн процесстин аныкталышы керектигин айтып:"Эгерде чечим кабыл алынса, Израиль армиясы чабуулдардын көлөмүн кеңейтүүгө даяр. Эгерде биз үчүн кабыл алына турган шарттарда ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгү болсо, анда ал бир нече айдан кийин эмес, бүгүн болсо жакшы болот", - деп кошумчалады.

 Израилдин Ливанга кол салуулары жана ок атышууну токтотуу

 Израиль армиясы Ливанга 2-мартта  абадан катуу сокку уруп, өлкөнүн түштүгүндөгү бир нече шаарды басып алган.

 24-апрелде АКШнын президенти Дональд Трамп Ливан менен Израилдин ортосунда 17-апрелде күчүнө кирген 10 күндүк убактылуу ок атышууну токтотуунун  дагы үч жумага узартылганын жарыялаган.

 АКШнын ортомчулугу астында жана 14-15-майда өткөн Ливан менен Израилдин ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасынан кийин, ок атышууну токтотуу 17-майдан тартып 45 күнгө узартуу чечими кабыл алынган.

 Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы билдирүүсүндө  Израилдин  2-марттан бери  өлкөгө карата кол салууларынан 3558 адамдын каза болгонун жарыялады.

 АКШнын Мамлекеттик департаменти кечээ Вашингтондогу сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасынан кийин Израиль менен Ливандын  Хизбулланын чабуулдарын толугу менен токтотушу жана Литани дарыясынын түштүгүнөн бардык элементтерин алып чыгып кетүү шарты менен кеңири ок атышууну токтотууга макул болгонун жарыялады. Бирок Хизбулла шарттуу ок атышууну четке какты.

 Ок атышууну токтотуу боюнча жарыяланган келишимдерге карабастан, Израиль армиясы чабуулдарын улантууда.

 

 

Иликте
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди
Түркия Жер Ортолук деңизиндеги байыркы шаарда 2000 жылдык негизги жолду ачыкка чыгарууда
БУУ:2026-жылдын биринчи жарымында Россия-Украина согушунда карапайым калктын өлүмү 37% өстү
Дүйнөлүк башаламандык шартында АСЕАН биримдикке чакырган маанилүү саммит баштады
Лавров Түндүк Кореянын Тышкы иштер министри  Цой Сон Хи менен жолугушту
АКШ Иранга каршы жаңы чабуулдарды баштады жана Иранда көптөгөн жарылуулардын болгону билдирилди
Түркия: "90 жылдан бери Монтрё кысыктары конвенциясын кылдаттык менен ишке ашырып келе жатабыз"
Президент Эрдоган: "Биз Кипр түрк элин эч качан адилеттүү күрөшүндө жалгыз калтырбайбыз"
Түркия ТКТРнын кызыкчылыктарын коргоону улантарын билдирди
Хакан Фидан: «Каалообуз эртерээк Иран менен Американын  келишимге кайтып келиши»
АКШнын Иранга карата жасаган чабуулдары 9-түнүндө улантылды
Дүйнөлүк кубоктун ээси Испания
Тышкы иштер министри Фидан катардык кесиптеши менен жолугушту