ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Кремль: Түркия Россия менен кызматташуусун көз карандысыз мамлекет катары белгилеп жатат
АКШнын президенти Трамптын бейшемби күнү Анкаранын Россиядан мунай сатып алууну токтотуу талабына Россиядан жооп келди.
Кремль: Түркия Россия  менен кызматташуусун көз карандысыз мамлекет катары белгилеп жатат
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков / Reuters

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жума күнү Түркиянын эгемен мамлекет катары Россия менен кайсы тармакта кызматташып, кайсыл тармакта кызматташпай турганына өзү чечим чыгарарын айтты.

Песков Москвада журналисттердин суроолоруна жооп берип, «Түрк агымы» жана «Көгүлтүр агым» жаратылыш газ түтүктөрү толук кубаттуулукта иштеп жатканын баса белгиледи. Басма сөз катчысы Түркия менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын уланып жатканын белгиледи.

Песков: «Түркия эгемендүү мамлекет, Россия менен кайсы тармактарда кызматташаарынчечим чыгара ала турган эгемендүү мамлекет",- деди.

НАТОнун орус учактарына байланыштуу дооматтары

Песков НАТОнун кээ бир дипломаттарынын орус согуштук учактары союздаштардын аба мейкиндигине кирсе атып түшүрүлүшү керек деген билдирүүлөрүнө да жооп берди.

Песков: «Мен бул тууралуу сүйлөшкүм  келбейт; бул өтө жоопкерчиликсиз билдирүү»,-деп, аба мейкиндигин бузгандыгы тууралуу дооматтарды «негизсиз» деп четке какты.

Песков орус согуштук учактарынын эл аралык эрежелерге ылайык иш алып барганын жана мыйзам бузуулар боюнча ишенимдүү далил көрсөтүлбөгөнүн баса белгиледи.

Зеленскийдин билдирүүлөрү

Песков  Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин согуш улана турган болсо Кремлдин жетекчилеринин “жакынкы баш калкалоочу жайдын кайда экенин билиши керек” деген коркутууларын да четке какты.

Песков Зеленскийдин Европадагы колдоочуларына өзүн көрсөтүүгө аракет кылып жатканын айтып: "Оң-солду коркутуп жатат, ойлонбостон сүйлөп жатат",- деди.

Зеленскийдин билдирүүлөрүнүн Киевдин тынчтыкка караганда согушка көбүрөөк көңүл бурганын көрсөткөнүн айткан Песков: «Фронттогу чыныгы абал башка окуяны көрсөтүүдө: Украинанын позициясы жана сүйлөшүүлөрдөгү позициясы күн сайын начарлап баратат», - деди.

Иликте
Бельгиянын Коргоо министри Франкен: "Түрк коргоо өнөр жайы мен үчүн үлгү болуп саналат"
Түрк коргонуу компаниялары SAHA 2026да 8 миллиард долларга жакын экспорттук келишим түздү
Иран Ормуз кысыгындагы аралда болгон жардыруулардан кийин АКШнын деңиз флотуна ракета атты
АКШнын саламаттыкты сактоо агенттиги хантавирусту "3-деңгээлдеги" өзгөчө абал деп жарыялады
Индонезия жанар тоо атылгандан кийин куткаруу операциясын баштады
ДСCУ хантавирус оорусунун учурлары көбөйгөнүн эскертти жана эпидемиянын чектелүү болорун билдирди
Эрдоган: Израилдин экспансионисттик күн тартиби аймактык тынчтыкка коркунуч келтирүүдө
Өлкөлөр хантавирус эпидемиясынан жабыркаган круиздик кемеден түшкөн жүргүнчүлөрдү издеп жатышат
Түркия Эл аралык транспорт форумунун 2027-жылдагы төрагалыгына шайланды
Түрк коргонуу фирмасы учкучсуз учуучу аппараттарына каршы оор пулемётун экспорттой баштады
Медведев Берлинди "реваншизм" жана тарыхты кайра жазуу боюнча айыптады
Испания Израилдин ишенимдүү өкүлүн Тышкы иштер министрлигине чакырды
Түркия Иран менен АКШнын ортосунда туруктуу тынчтык үчүн "конструктивдүү" диалогду талап кылууда
Дүйнөлүк кубокко саналуу күндөр калды
Энергетикадагы жеткирүү коркунучтарына каршы Түркиянын кепилдиги ГЭСтер