ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Аббас Аракчи АКШнын пландаштырылган кол салуу боюнча дооматын «толугу менен жалган" деп четке какты
Тегеран бул дооматты АКШ менен Израилдин кол салуусун актоо үчүн колдонулуп жатканын билдирди.
Аббас Аракчи АКШнын пландаштырылган кол салуу боюнча дооматын «толугу менен жалган" деп четке какты
Тышкы иштер министри Тегеран АКШ күчтөрүнө кол салууларды пландаганын четке какты [Архив]. / Reuters

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи АКШнын Ирандын АКШга же АКШ күчтөрүнө карата куралдуу кол салуу пландаган деген ырастоолорун четке кагып, бул айыптоону «толугу менен жалган» деп мүнөздөдү.

X социалдык тармагындагы баракчасында билдирүү жарыялаган Аракчи: «Ирандын АКШга же анын күчтөрүнө каршы алдын ала же эскертүүчү чабуул пландап жаткандыгы тууралуу дооматтар — толугу менен жалган», — деп билдирди. Министрдин айтымында, мындай айыптоолор «Operation Epic Mistake» (Тарыхый ката операциясы) деп аталган аракеттерди негиздөө максатын көздөйт. Ал бул операцияны «Израиль тарабынан пландалып, карапайым америкалыктар тарабынан каржыланган кооптуу окуя» деп мүнөздөдү.

Аймактык чыңалуу Израиль менен АКШнын Иранга биргелешкен соккусунан кийин күчөдү.

Тегеран Израилге, Иорданияга, Иракка жана АКШнын аскерlbr объектилери жайгашкан Перс булуңу өлкөлөрүн бутага алган дрон жана ракеталык кол салуулар менен жооп кайтарды.

Болжол менен 10 000 жарандык объектилер бутага алынды

Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси АКШ менен Израилдин биргелешкен чабуулдары согуш башталгандан бери 1300дөн ашык жай тургундун өлүмүнө алып келгенин билдирди.

Ирандык элчинин билдирүүсүнө караганда, өлкө аймагындагы чабуулдар жарандык инфраструктураны атайылап бутага алып, ушул күнгө чейин 9 669 жарандык объект жок кылынды.

Элчи чабуулдардын натыйжасында 32 саламаттыкты сактоо мекемеси, 65 мектеп, Иран Кызылай коомуна таандык 13 имарат жана бир нече энергетикалык объекттерге сокку урулганын белгиледи. Ошондой эле, Тегеран жана башка шаарлардагы күйүүчү май кампалары бутага алынып, бул уулуу заттардын абага бөлүнүп чыгышына алып келген. Мындай абал жарандардын, өзгөчө балдардын ден соолугу үчүн олуттуу коркунуч туудурууда.

Иран тарап жарылуулардан улам келип чыккан экологиялык булгануунун калк арасында олуттуу медициналык кооптонууларды жаратып жатканын эскертти.

Элчи мындан тышкары, чабуулдардын Бириккен Улуттар Уюмунун Уставын жана 1961-жылдагы Дипломатиялык карым - катнаштиа тууралуу Вена конвенциясын одоно түрдө бузгандыгын баса белгиледи.

Иликте
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"
Анкара НАТО саммитине  негизги эл аралык медиа борборун даярдады
Сабиха Гөкчен аэропорту жүргүнчүлөр боюнча рекордго жетти
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди