АКШ Түштүк Африкада боло турган G20 саммитин бойкот кылат
АКШ президенти Дональд Трамп "адам укуктарынын бузулушу" улантылган сайын эч бир АКШ өкмөтүнүн жетекчисинин Түштүк Африкада өтүүчү G20 саммитине катышпай турганын билдирди.
АКШнын президенти Дональд Трамп ноябрь айында Түштүк Африкада өтө турган G20 саммитине АКШнын эч бир расмий өкүлүнүн катышпай турганын билдирди. Буга чейин өлкөдө ак түстүү жарандар системалуу түрдө "өлтүрүлүп жана кыргынга учурап" жатат деген мурда төгүндөлгөн дооматтарды кайра көтөрдү.
Трамп Truth Social социалдык медиа платформасында жасаган билдирүүсүндө: "G20нын Түштүк Африкада өткөрүлүшү уят иш. Адам укуктарынын бузулушу улана берсе, АКШ өкмөтүнүн бир дагы кызматкери катышпайт", - деди.
Трамп сентябрь айында G20 саммитине өзүнүн ордуна вице-президент Ж.Д. Вэнстин катышаарын билдирген. АКШнын президенти 2026-жылдагы саммитти Майамидеги гольф-курортунда өткөрүүнү пландап жатат.
Трамп шаршемби күнү жасаган билдирүүсүндө Түштүк Африканын G20дан чыгарылышы керектигин жана өлкөдө ноябрь айында өткөрүлө турган саммитке катышпай турганын айтты.
"Чындыкка дал келбейт"
Трамп Майамиде өткөрүлгөн Америкалык ишкерлер форумунда сөз сүйлөп:"Түштүк Африка азыр "G"лердин ичинде да болбошу керек, анткени ал жакта жаман нерселер болуп жатат", - деди.
Трамп 22-23-ноябрга пландалган G20нын Йоханнесбургдагы саммитине токтолуп: "Мен барбайм... Мен ал жерде өлкөбүздүн атынан чыкпайм. Саммит ал жерде өткөрүлбөшү керек," - деди.
Трамп Түштүк Африканы жерлерди басып алуу жана "айрым класстарга өтө жаман мамиле кылуу" менен айыптап, муну "адам укуктарынын олуттуу бузулушу" деп мүнөздөдү.
Трамп февраль айында 14204-номерлүү президенттик буйрукка кол коюп, федералдык агенттиктерге "адилетсиз расалык дискриминациянын курмандыктары" деп аныкталган ак түстүү түштүк африкалыктарды кайра жайгаштырууну жеңилдетүү жана АКШнын Түштүк Африкага берген жардамын кыскартуу боюнча көрсөтмө берген.
Түштүк Африка өкмөтү Трамптын дооматтарын четке кагып, алардын "чындыкка дал келбеген божомолго негизделгенин" билдирди.