ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Венесуэланын президенттик сарайынын жакынында жардыруулар жана ок атышуулар болду
Социалдык тармактарда тастыктала элек видеолордо Каракастагы президенттик сарайдын жакынында куралчан адамдар жана аскердик колонналар көрүнүүдө.
Венесуэланын президенттик сарайынын жакынында жардыруулар жана ок атышуулар болду
Жергиликтүү ЖМКлар Делси Родригес убактылуу президент болуп ант бергенден бир нече саат өткөндөн кийин Мирафлорес сарайынын жанында ок атышуу болгонун кабарлады. / Reuters

Жергиликтүү маалымат каражаттары жана көз карандысыз тастыкталбаган социалдык медиадагы сүрөттөргө ылайык, Венесуэланын борбору Каракастагы президенттик сарайдын жанкынында ок атылган жана жарылуу үндөрү угулду.

Интернетте бөлүшүлгөн видеолордо оор курал-жарак көтөргөн адамдар жана Мирафлорес сарайынын айланасында жайгашкан аскердик колонналар көрүнүүдө.

Кадрларда коопсуздук күчтөрүнүн сарайдын жанындагы көчөлөрдө күзөттө жүргөнү жана шаар тургундары өздөрүн коргоого аракет кылып жатканы байкалат.

Жергиликтүү булактардын билдиришинче, сарайдын айланасында белгисиз дрондор учуп жүргөнү тууралуу кабарлардан кийин, жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 8 чамасында ок атылган. Бийлик өкүлдөрү кырдаал боюнча коомчулукка маалымат бербегендиктен, башаламандык күчөдү.

Окуяда жаракат алгандар же каза болгондор тууралуу маалымат жок, кыйроолор же камоолор боюнча расмий билдирүү жасала элек.

Бул окуялар Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана жубайы Силия Флорес дем алыш күндөрү АКШнын аскердик операциясы учурунда кармалгандан жана вице-президент Делси Родригес кийинчерээк убактылуу президент катары ант бергенден бир нече саат өткөндөн кийин болду.

Бийлик сарайдын жанындагы окуялардын өлкөдөгү уланып жаткан саясий кризис менен түздөн-түз байланышы бар же жоктугун азырынча тастыктай элек.

Иликте
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайы экспорттук ийгилигин улантууда
Иран армиясынын басма сөз катчысы Экреминия "АКШга жооп кайтарабыз" деп эскертти
Австралия Борнеодогу токой өрттөрүн өчүрүүгө жардам берүү үчүн Индонезияга учак жөнөттү
АКШ Кубанын армиясына жана энергетикалык камсыздоо тармактарына каршы жаңы санкцияларды жарыялады
Путин Япониянын JTI тамеки компаниясынын Россиядагы активдерин убактылуу башкарууга өткөрдү
НАТО-Украина кеңеши Брюсселде кезексиз жыйын өткөрдү
Европа Биримдигинен Украинага 4,36 миллиард евролук колдоо
Эмине Эрдоган Түркия менен Түштүк Кореянын ортосундагы "терең тамырлаган достукка" көңүл бурду
Брюсселге бара жаткан учак бомба коркунучунан кийин Брюссель аэропортуна коопсуз конду
Греция: Студенттер жана мугалимдер кайрадан көчөгө чыгышты
Орусиянын Рязань облусундагы өнөр жай объектилерине дрондук кол салуудан бир адам жаракат алды
Министр Чифтчи: Италия менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыгыбызды бекемдөөнү максаттоодобуз
Фенербахче англиялык Ливерпульду "жеңди"
АКШ өзүнүн инвентаризациясынан эки тыңчы учагынын бирин Жакынкы Чыгышка жөнөттү
Хаменеи: АКШдагы шайлоо Ирандын саясатын өзгөртпөйт