ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Индонезияда жер көчкүдөн каза болгондордун саны кеминде 64кө жетти
Катуу жааган жамгыр ондогон үйдү басып калган жана кеминде 64 кишинин өлүмүнө себеп болгон жер көчкүгө жол ачты, жердин татаал рельефи жүрүп жаткан куткаруу иштерин кыйындатууда.
Индонезияда жер көчкүдөн каза болгондордун саны кеминде 64кө жетти
Индонезиялык куткаруучулар 2026-жылдын 27-январында Батыш Явадагы Пасир Лангу айылында жер көчкүдөн кийин жабырлануучуларды издешүүдө. / Reuters

Өткөн жумада Индонезияда болгон жер көчкүдө каза болгондордун саны 64кө жетти. Батыш Явада 16 адам дайынсыз болуп жаткан аймакта издөө-куткаруу иштери сегизинчи күнүндө да уланууда.

Ишемби күнү аймактан дагы төрт адамдын сөөгү табылып, тастыкталган каза болгондордун саны 64кө жетти; болжол менен 16 адам дайынсыз жоголду, деп билдирди Бандунг издөө-куткаруу агенттигинин башчысы Аде Диан Пермана.

Издөө операцияларынын сегизинчи күнүндө из куучу иттер жана оор техникалардын жардамы менен уланып жатканын, 3,675 кызматкердин милдеттендирилгенин коушмчалады.

Ушул кезге чейин 49 сөөктүн күбөлүгүнүн аныкталды жана үй - бүлөлөрүнө тапшырылды, 75 киши коопсуз куткарылды.

Үйлөр баткак жана урандылардын астында калды

Флот шейшемби күнү чек ара кайтаруу боюнча машыгуу учурунда жыйырма үч аскердин дагы каза болгонун билдирди.

24-январда Батыш Бандунг шаарындагы Пасир Лангу айылын каптаган жер көчкү катуу жамгырдан улам келип чыккан.

Ондогон үйлөрдү ылай жана урандылардын астында калтырган бул жер көчкү, өткөн жылдын аягында Суматра аралындагы циклондон улам келип чыккан сел жана көчкүлөрдөн кийин болду; ал окуяларда 1200 адам каза болуп, бир миллиондон ашык адам жер которууга аргасыз болгон.

«Basarnas» издөө-куткаруу агенттиги өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү мөөнөтүн 6-февралга чейин жети күнгө узартты; рельефи татаал болгон кырсык аймагында издөө жана куткаруу иштери уланууда.

Парламент комиссиясы шаршемби күнү «Basarnas» агенттигин каржылоону токтотту; бул чечим агенттик дуушар болгон табигый кырсыктардын саны боюнча кооптонууларга карабастан кабыл алынды.

Иликте
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти
Президент Эрдоган Apple компаниясынын башкы директору Тим Кукту кабыл алды
Вице-президент Йылмаз Кытайдын вице-президенти Хан Чжэн менен жолугушту
Криттин жээгинде 12 мыйзамсыз мигрант каза болду