СПОРТ
1 мүнөт окуу
Зидан, Франциянын башкы машыктыруучусу катары алгачкы беттешинин алдында Түркияны мактады
Француз машыктыруучу Зинедин Зидан Кожаелиндеги УЕФА Улуттар Лигасынын ачылыш беттеши оор өтөрүн күтүп жатса, футболчу Адриен Рабьо жаңы мезгилдин башталышы менен бирге шыктандыруучу атмосферанын күтүп жатканын белгиледи.
Зидан, Франциянын башкы машыктыруучусу катары алгачкы беттешинин алдында Түркияны мактады
Франциялык Зинедин Зидан Франциянын Париж шаарынын батышындагы Клерфонтенде Франциянын улуттук курама командасынын машыгуусуна катышууда, 2026-жылдын 21-сентябры. (AP)

Франциянын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан Түркия жөнүндө жогору баа берди. Түркияны күчтүү команда катары сыпаттаган Зидан жума күнү УЕФАнын Улуттар Лигасынын ачылыш беттешинин маанисин баса белгилеп, бул беттештин маанисине токтолду.

Бейшемби күнү Кожаели стадионунда журналисттерге маалымат берген  Зидан: "Түркия абдан жакшы команда. Эртеңки беттеш абдан оор болот", - деди.

Зидан Франция менен жаңы мезгил башталат

Франция формасы менен биринчи беттешине 32 жыл мурун чыккан Зидан улуттук командага кайтып келүү өзү үчүн толкундантуучу экендигин жана командагы дагы көп кубок алып келүү боюнча чечкиндүү экенин айтты.

Жаңы башкы машыктыруучунун жетекчилиги астында үч машыгуу өткөргөн Франция курама командасынын учурдагы максаты так.

Зидан :”Беттешке бир гана максат менен тактап айтканда жеңиш үчүн барабыз”,- деди.

Жаңы жүздөр жана Арда Гүлерге мактоо

Француз машыктыруучу өзгөчө Түркия жана Реал Мадриддин жарым коргоочусу Арда Гүлерден да мактоо менен сөз кылды.

Зидан: “Арда абдан мыкты оюнчу. Аны жактырамын жана Реал Мадридде ойногону үчүн кубанычтамын”,- деди.

Иликте
Халук Гөргүн: "Коргонуу өнөр жайыбыздын күчү жаштарыбыздын акылы жана жүрөгү"
Трамп Түркияга карата CAATSA санкцияларын жоюуга оң көз карашын билдирди
Тышкы иштер министрлигинин "Түрк мамлекеттеринин кызматташтыгы күнүнө" карата билдирүүсү
Россия Киевде бир көпүрөгө сокку урду, жол кыймылы токтоду
Трамп: "Эгерде Иран маселеси чечилсе, мунайдын баасы төмөндөйт"
Европа Биримдиги Украинага 2,9 миллиард евро өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтөт
Гүлер: "Кавказдын коопсуздугу Түркия, Азербайжан жана Грузиянын коопсуздугунан бөлөк каралбайт"
Россияда ички рынок турукташкандан кийин бензин экспорту кайра жандана турганы белгиленди
Путин Россияга түз кол салуу болсо бардык куралдардын колдонулушу күн тартибине келерин белгиледи
Конго Демократиялык Республикасындагы Эбола вирусунан 3982 адам каза болду
Түркия хуситтердин Мединадагы жарандык инфраструктурага кол салуусун катуу айыптады
Улуттук коргоо министри Гүлер азербайжандык жана грузиялык кесиптештери менен жолугушту
ТЕКНОФЕСТтин Түштүк  - Чыгыштагы үчүнчү күнү
Кыргызстан алгачкы улуттук спутнигин космоско учурду
Еврпа Биримдиги: Россиян тузагына түшпөйбүз, коркутуу жана үркүтүү тактикаларын ачыкка чыгарбайбыз