ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Трамп Иран менен 30 миллиард долларлык жарандык атомдук келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү четке какты
Медианын билдирүүлөрүнө ылайык, Трамп Ирандын уран байытуу программасын токтотуусунун ордуна Ирандын тоңдурулган активдерин бошотуу сыяктуу экономикалык стимулдарды сунуштоону караштырууда.
Трамп Иран менен 30 миллиард долларлык жарандык атомдук келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү четке какты
/ Reuters
 

АКШ президенти Дональд Трамп маалымат каражаттарын сынга алып, Иранга аскердик эмес ядролук объектилерди өнүктүрүү үчүн 30 миллиард доллар берүүнү колдогондугу кабарларды четке какты.

"Жалган жаңылыктар медиасында ким бул "Президент Трамп Иранга аскердик эмес атомдук объектилерди куруу үчүн 30 миллиард доллар берүүнү каалайт" деп ким айтты? Бул кандай акмактык? Бул — жалган маалыматтарды таратып, кадыр-баркымды түшүрүү үчүн ойлоп табылган дагы бир ЖАЛГАН! Бул адамдар ООРУЛУУ!!!» — деп жазды Трамп Truth Social платформасында.

Маалымат каражаттарынын билдирүүлөрүнө ылайык, Трамптын администрациясы Ирандын уран байытуу программасын токтотуусунун ордуна Ирандын тоңдурулган миллиарддаган долларлык активдерин бошотуу сыяктуу экономикалык стимулдарды сунуштоону караштырып жатат деп айтылууда. Бул маалымат сүйлөшүүлөргө катышкан үч булакка негизделген.

АКШ Ирандын атомдук программасына каршы жүргүзгөн кампаниясынын алкагында 22-июнда Фордо атомдук объектисине алты бункердик бомба таштады жана Натанз менен Исфахандагы дагы эки объектиге суу астындагы кемеден учурулган ондогон канаттуу ракеталар менен чабуул жасаган.

АКШ менен Ирандын ортосундагы алтынчы сүйлөшүү айлампасы 15-июнга белгиленген, бирок Израиль 13-июнда Ирандын аскердик, атомдукк жана жарандык объектилерине абадан сокку урду.

Израиль менен Ирандын ортосундагы 12 күндүк кагылышуу 24-июнда күчүнө кирген АКШ колдогон ок атышууну токтотуу менен аяктады.

Иликте
Министр Болат: «Акыркы 6 айда биз ай сайын экспорттун бардык рекорддорун жаңыладык»
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
"Оруч реис" сейсмикалык изилдөө кемеси Пакистанга чалгындоо иштерин баштоо үчүн барды
Тышкы иштер министри Фидан Европа Комиссиясынын төрага орун басары Фитто менен Анкарада жолугушту
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
KIZILELMA дүйнөлүк басылмаларда чоң кызыгуу жаратты
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Йылмаз: "Түркия менен Өзбекстандын ортосунда ийгиликтүү инвестициялык чөйрөнү түзүшүбүз керек"
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
Эрдоган: "Израиль Газаны дүйнөдөгү эң ири концлагерге айландырууда"
Министр Курум: "Антальяда бирдиктүү жана бекем макулдашууга жетишүүгө чечкиндүүбүз"
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды