ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Бир отчетко ылайык, Канада АКШнын ыктымалдуу басып алуусуна каршы аскердик план даярдап жатат
Бул кадам Канаданын түштүктөгү коңшусу менен болгон кагылышууну расмий түрдө моделдештирүүсү боюнча жүз жылдан ашык убакыттан берки биринчи учур катары катталды.
Бир отчетко ылайык, Канада АКШнын ыктымалдуу басып алуусуна каршы аскердик план даярдап жатат
Канаданын Оттава шаарында бир киши Канада армиясына жалдоо плакатынын жанынан өтүп баратат. / Reuters

Федералдык жетекчилер шейшемби күнү Канаданын АКШнын ыктмалдуу басып алуусуна каршы аскердик план түзгөнүн билдирди.

Бул кадам өлкөнүн түштүктөгү кошунасы менен расмий түрдө кагылышууну моделдештирүүсү акыркы бир кылымдан ашык убакыттагы биринчи учуру болуп саналат.

Жооп кайтаруу планы АКШнын президенти Дональд Трамптын шейшемби күнү "Truth Social" платформасында Канада менен Гренландиядагы чагымчыл Америка желегинин сүрөтүн бөлүшкөндөн кийин даярдалды.

Жетекчилер Канаданын АКШнын толук масштабдуу кол салуусуна каршы тура турган аскердик күчүнүн жок экендигин; ошондуктан пландын кичинекей аскердик клеткалардан жана жарандардан турган топтордун адаттан тыш жооп кайтаруусун карай турганын билдирди.

Жетекчилер планды талкуулоо укуктары болбогондуктан аттарын билдирбегендерин айтышты.

Сценарий бул топтордун америкалык баскынчыларга каршы буктурмаларды, дрондорду жана диверсияларды колдонуусун күтүүдө. Бул тактикалар ондогон жыл мурун Афган Талибаны тарабынан орустарга каршы, ал эми 20 жыл мурун АКШ күчтөрү жана алардын союздаштарына каршы колдонулган.

"Адамдар Канадада эмнелердин болуп жатканына кызыгышууда"

Жетекчилердин айтымында, Канаданын негизги аскердик аймактары эки күндөн бир жумага чейинки убакытта АКШ тарабынан басып алынышы мүмкүн.

Алар АКШнын аскердик чабуулунун ыктымалдуулугу төмөн экенин белгилешти, бирок федералдык өкмөт эң начар сценарий катары басып алууга каршы даярдык көрүүдө.

Канаданын Башкы штабынын башчысы, генерал Женни Кариньян 400 000 адамдан турган ыктыярдуу резервдик күч түзүүнү каалаганын билдирген.

Бийлик өкүлдөрү басып кирүү болгон учурда Франция жана Британия сыяктуу өзөктүк куралга өлкөлөрдүн Канадага жардам беришин күтүшөрүн билдиришти. Бул үч өлкө менен АКШ НАТОго мүчө өлкөлөр.

Афганистанда Канаданын аскер бөлүктөрүнө командирлик кылган отставкадагы генерал-майор Дэвид Фрейзер Канаданын коопсуздугу тууралуу пикирин билдирди. Анын айтымында: «Эгер Канадага кол салуу боло турган болсо, дүйнө коомчулугу да силерге каршы чыгарын билишиңер керек. Бул Гренландия маселесинен да олуттуу болот»,- деди.

Фрейзер: «Адамдар Канадада болуп жаткан окуяларга кызыгышууда, Венесуэладагыдай эмес», — деп кошумчалады.

Ал өлкөнүн эгемендүүлүгүн чыңдоо максатында Канада аймагында Германиянын кемелери менен Улуу Британиянын учактарын көрүүгө болорун да белгиледи.

Иликте
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"
Анкара НАТО саммитине  негизги эл аралык медиа борборун даярдады
Сабиха Гөкчен аэропорту жүргүнчүлөр боюнча рекордго жетти
Азербайжан Украинадагы SOCAR объектисине жасалган кол салууга байланыштуу Россияга нота берди