ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Трамп Гондурасты эскертти
Гондурастын Улуттук шайлоо кеңешинин (CNE) төрайымы Ана Паола Холл алгачкы жыйынтыктарга караганда эки алдыңкы талапкердин добуштары "техникалык жактан тең" экенин айтты.
Трамп Гондурасты эскертти
Трамп Гондурасты эскертти / AA

АКШнын президенти Дональд Трамп Гондурастын шайлоо кызматкерлерин сынга алып, эгер алар 30-ноябрдагы президенттик шайлоонун жыйынтыктарын "өзгөртүүгө" аракет кылышса, өлкө оор кесепеттерге туш болорун эскертти.

Трамп дүйшөмбү күнү Truth Social платформасында "Көрүнүп тургандай Гондурас президенттик шайлоонун жыйынтыктарын өзгөртүүгө аракет кылып жатат. Эгер алар муну жасашса, кесепети оор болот!" - деп жазды.

Трамптын комментарийлери Улуттук шайлоо кеңешинин (CNE) башчысы Ана Паола Холл шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялагандан кийин айтылды. Холл эки алдыңкы талапкер - оңчул талапкер Насри Асфура жана мурдагы теле алып баруучу Сальвадор Насралла - "техникалык жактан" тең экенин билдирген.

Холлдун айтымында, ошол учурда Асфура Насралладан 515 добушка алдыда турган.

Трамп: "Добуштардын 47 пайызы гана саналганда добуштарды саноо токтотулду. Комиссиянын добуштарды санап бүтүшү өтө маанилүү. Жүз миңдеген гондурастыктар өз добуштарын саноону талап кылып жатышат. Демократия жеңиши керек!" - деп билдирди.

Өткөн аптада Трамп консервативдик Улуттук партиянын талапкери Асфураны колдоп, мурдагы президент Хуан Орландо Эрнандести кечирүүгө убада берген.

Иликте
Франция Түркияга да ыраазычылык билдирди
Түштүк Кореянын президенти 2030-жылга чейин аскердик командирликти АКШдан алууга аракет кылууда
Аракчи: "АКШ менен жетишилген келишимди ишке ашыруудагы эң чоң тоскоолдук - бул Израиль"
Ирак Эрбилдеги кол салуулардан кийин Ирандан так расмий позицияны талап кылды
Криштиану Роналду пенсияга чыгабы?
UKMTO: "Ормуз кысыгында бир кеме соккуга кабылды"
Израиль Сириянын Идлиб облусундагы Абу Зухур аскердик аэродромуна сокку урду
Трамп Ирандын ядролук куралга ээ болушуна жол бербөө "биринчи максат" экенин айтты
Израилдин Газага чабуулдарынан каза болгондордун саны 73 миң 399га жетти
Президент Эрдогандан "17-август" билдирүүсү
Филиппинде тропикалык циклон жана муссон жамгырларынын айынан 23 адам каза болду
Президент Эрдоган Аль-Жазира телеканалына маек куруп берди:
Трамп Мекке биргелешкен коргонуу келишимине кол коюлганына канааттанганын билдирди
Орусия: "Украинанын ракеталык чабуулунанан Белгород облусунда 6 адам каза болду"
Түркиянын 17 жашка чейинки кыздардан турган командасы дүйнөлүк чемпионатта күмүш медалды жеңип алды