ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Германия Украина темасында Орусия менен сүйлөшүүлөргө ачык, бирок жеңилдик бербейт
Германиянын тышкы иштер министри Вадефул Украинаны колдой турганын баса белгилеп, ок атышууну токтотуу боюнча олуттуу кадамдарсыз Орусиянын президенти Владимир Путинге жаңы сунуштарды берүүдөн баш тартты.
Германия Украина темасында Орусия менен сүйлөшүүлөргө ачык, бирок жеңилдик бербейт
Вадефул сүйлөшүүлөргө ачык бойдон калууда, бирок Орусияга жеңилдик берүүдөн баш тартат. / AA

Германиянын тышкы иштер министри Йоханн Вадефул шейшемби күнү анын өлкөсү Украинада туруктуу тынчтык орнотуу боюнча Орусия менен сүйлөшүүлөргө жалпысынан ачык экенин, бирок "жеңилдик берүүдө" баш тартканын билдирди.

Берлиндеги Конрад Аденауэр фонду уюштурган "Cafe Kyiv" Украина форумунда сөз сүйлөгөн Вадефул: "Албетте, биринчиден Украина сүйлөшө турган тарап болушу керек. Биз да сүйлөшүүгө даярбыз. Бирок Москвага барып, көбүрөөк жеңилдиктерди бербейбиз. Биз муну кылбайбыз. Эгерде ок атышууну токтотууга жетишилсе, сүйлөшүүгө олуттуу эрк болсо, албетте биз ал жерде болобуз. Бирок чынын айтсам, биз андан (Орусиянын президенти Владимир Путинден) жалынып жаткан жокпуз. Тескерисинче акылга сыярлык сунуштардан биринин акыры кабыл алынышын күтүп жатабыз", - деди.

Вадефул мисал катары бийликтеги Социал-демократиялык партиянын (SPD) ичинен келген, Путинге ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү сунуштоо чакырыктарын четке кагып, "Диалог каналдары жетиштүү. Бирок Путин сүйлөшкүсү келбесе, бир дагы канал иштебейт" деп билдирди.

Кошумча санкциялар

Тышкы иштер министри Москвага ок атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдү кабыл алуу үчүн кысымды күчөтүүнү бир нече жолу талап кылды.

Дүйшөмбү күнү Брюсселде өткөн Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында немис министри: "Германиянын позициясы абдан ачык: биз эми чечкиндүүлүктү көрсөтүп, Украинаны туруктуу түрдө колдошубуз керек жана өткөн жылдагыдай эле Орусияга кысымды күчөтүүнү улантышыбыз керек. Ошондуктан биз 20-санкциялар пакетин даярдап жатабыз жана акырында биз ийгиликке жетебиз деп ишенем", - деди.

Иликте
Израиль Ливанда ок атышпоо келишимин бузуп, 7 кишини набыт кылды
Түркия волейбол боюнча мелдеште Германияны 3:2 эсебинде жеңди
Италиянын сегиз шаарына катуу ысыктан улам «кызыл» кооптуу абал жарыяланды
Бурханеттин Дуран: "Газадагы окуялар эсте калууда"
Министр Шимшек: Энергетикадагы трансформацияны тездетүү менен  туруктуулукту күчөтүп жатабыз
Түркия Парагвайга жеңилип  Дүйнөлүк кубоктон чыкты
Виткофф менен Аракчи сүйлөшүү үчүн Швейцарияга барат
Түркия менен Сириянын ортосунда саламаттыкты сактоо жана медициналык илимдер тармагында кызматташуу
Пакистандын түндүк  - батышында болгон бомбалуу эки кол салууда  7 киши каза болду
Президент Эрдоган Сингапурдун премьер-министри Вонгду расмий салтанат менен тосуп алды
Россиянын Украинадагы кол салууларында  6 киши каза болду
Отчет: 2025-жылы Грецияда төрөлүү көрсөткүчү төмөндөдү
Түркия жана дагы 7 өлкө баскынчы израилдик күчтөрдүн Батыш Шериадагы чабуулдарын катуу айыпташты
Түркия менен Кыргызстандын ортосунда шаар курулушу жаатында кызматташтык келишимине кол коюлду
Орусия: Украина Запорожье атомдук электр станциясындагы транспорттук имаратка кол салды