ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Трамп Конгресстеги сөз сүйлөөсүндө тарифтер, тышкы саясат жана миграция маселелерине токтолду
Трамп кызматка киришкенден бир нече жума өткөндөн кийин сүйлөгөн сөзүндө көптөгөн темага токтолуп, кайрылуусун «Америка кайтып келди» деген сөз менен баштады.
00:00
Трамп Конгресстеги сөз сүйлөөсүндө тарифтер, тышкы саясат жана миграция маселелерине токтолду
/ TRT World and Agencies
5 Март 2025

АКШнын президенти Дональд Трамп Конгрессте экономика, миграция, тышкы саясат, тарифтер жана аткаруу буйруктары сыяктуу бир катар маселелер боюнча сөз сүйлөдү.

Дүйнөдөгү эң бай адам Илон Маск да бул кайрылууну көрүү үчүн катышты. 78 жаштагы республикачыл президент, бийликке кайтып келгенине эки ай толо элек болсо да "бул башталышы гана" жана Америка кайрадан кайтып келди" деп билдирди.

Демократиялык конгрессмен Ал Грин, президентке каршы чыгып, саламаттыкты сактоо программаларын жок кылууга укугу жок деп айыптап, аса таягы менен коркуткандыгы үчүн залдан чыгарылды.

Айрым башка демократтар болсо "Жалган", "Маск уурдап жатат" жана "Бул калп!" деген жазууларды көтөрүп үнсүз нааразылык акциясын өткөрүштү.

Тарифтер

Трамп 2-апрелден тарта өлкөнүн көптөгөн соода өнөктөштөрүнө жооп иретинде тарифтер киргизиле турганын жарыялады.

"Башка өлкөлөр бизге ондогон жылдар бою тарифтерди колдонуп келишкен, эми биз аларга каршы колдонууга убакыт келди," деди ал.

"Бул эки тараптуу, өз ара иштетүүгө негизделген. Алар бизге кандай салык салса, биз аларга ошондой эле салык салабыз".

Трамп ошондой эле Канада жана Мексикадан импорттолгон товарларга карата тарифтердин бул өлкөлөр үчүн пайдалуу болорун айтты.

Бирок тарифтерден улам АКШ экономикасында "айрым өзгөрүүлөр" болушу мүмкүн экенин эскертти.

Тышкы саясат

Трамп АКШнын тышкы саясатына байланыштуу Украинадагы согушту токтотууну жана Газа тилкесинен барымтадагыларды кайтарууну каалаганын айтты.

Украина тууралуу сөз кылып жатып Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кен байлыктар боюнча келишимге кол коюуга жана сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга даяр экенин билдирди.

"Бул маанисиз согушту токтотууга убакыт келди," деди ал.

Газа тууралуу сөзүндө болсо блокададагы аймактан туткундарды кайра алып келүүнү каалаганын айтты.

"Эми биз бүткүл аймак үчүн тынчтык жана гүлдөп өнүгүү келечегин түзөбүз," деди.

Ошондой эле, Мексикалык картелдердин АКШга каршы согуш жүргүзүп жатканын жана аларга жооп кайтарылышы керектигин билдирди.

"Картелдер Америкага каршы согуш жүргүзүп жатышат, эми Америка да аларга каршы согуш жарыялай турган убак келди, биз муну жасап жатабыз," деди Трамп.

Гренландия

Трамп АКШнын Гренландияны "кандайдыр бир жол менен" камсыздай турганын жарыялап, анын стратегиялык маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Улуттук коопсуздук жана атүгүл эл аралык коопсуздук үчүн бизге Гренландия керек" деген Трамп "Биз бул процесске катышкандардын баары менен иштешип жатабыз, бирок эл аралык коопсуздук үчүн бул чындап керек жана мен аны кандайдыр бир жол менен алабыз деп ойлойм" деди.

Ошондой эле, Гренландия элине колдоо көрсөтөрүн билдирип, "Биз сиздин келечегиңизди аныктоо укугуңузду толук колдойбуз, эгер сиз кааласаңыз АКШга кабыл алабыз," деди.

Миграция

Трамп чек араны кесип өткөн мыйзамсыз мигранттардын саны болуп көрбөгөндөй азайганын айтып, анын администрациясынын мыйзамсыз миграция менен күрөшүү аракеттерин мактады.

"Кызматка киришкенден бери менин администрациям АКШ тарыхындагы эң кеңири чек ара жана миграцияга каршы күрөштү баштады жана тез арада чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча рекорддук эң төмөнкү көрсөткүчкө жетиштик" деди ал.

"Аврора, Колорадо жана Спрингфилд, Огайо сыяктуу кооз шаарлар мигранттардын басып алуусунан жана коррупциядан кыйрады," деген Трамп"Кооз шаарлар жок кылынды",-деп айтты.

Трамптын бул сөз сүйлөөсү Конгресске жасалган эң узун президенттик кайрылуу болуп калды.

Иликте
Түркия Конго Демократиялык Республикасы жана Руанда ортосундагы тынчтык келишимин кубаттады
Израиль күчтөрү Сириянын Кунейтра элет жерине жаңы кургактагы операция жүргүздү
Азиядагы селдерде каза болгондордун саны  1500дөн ашты
Тышкы иштер министри Фидан 23-Доха форумуна катышат
Путин менен Моди АКШнын кысымы күчөгөн учурда Нью-Делиде соода жана Украинадагы согушту талкуулашты
Түркия Кара деңиздеги кол салуулар боюнча Украинанын жана Орусиянын элчилерин чакыртты
"Эл аралык коомчулук аймактык туруктуулукту коркуткан Израилге каршы аракетке өтүшү керек"
Израилдик күчтөр оккупациядагы Батыш Шериада беш тарыхый экспонатты тартып алышты
Вьетнамда сел эки адамдын өмүрүн алып, ондогон жер көчкүлөр жүрдү
Газадагы ок атышпоого карабастан Израиль 2026-жылга коргонуу бюджетин 34 миллиард долларга көтөрдү
Бельгия өз аймагында жашаган 19 шектүү сириялык согуш кылмышкерин иликтеп жатат
АКШ саякаттоого тыюу салууну 30дан ашык өлкөгө кеңейтиши мүмкүн
Евровидение 2026 сынагындагы нааразычылык толкуну: Израилдин катышуусу нааразычылыкты жаратты
Петро: Колумбияны баңгизатка каршы күрөш шылтоосу менен коркутуп жатышат
Чыгыш Тынч океанда банги зат ташыганы айтылган кемеге жасалган кол салуусунда төрт киши каза болду