ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
БУУда Зеленский менен сүйлөшкөн Трамп Россия тууралуу позициясын өзгөрттү
АКШнын президенти Россияны "кагаздан жасалган жолборс" деп атап, позициясын өзгөрттү, ал эми Зеленский муну "чоң өзгөрүү" деп мүнөздөдү.
БУУда Зеленский менен сүйлөшкөн Трамп Россия тууралуу позициясын өзгөрттү
Президент Трамп Украинанын Россияга каршы согушта жоготкон бардык аймактарын кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Буга чейин / AP

АКШнын президенти Дональд Трамп азыркы учурда Украинанын Россия тарабынан оккупацияланган бардык аймактарын кайтарып ала турган абалда экенин билдирди. Бул билдирүү Трамптын согуш тууралуу мурдагы позициясынан олуттуу чегинүү катары каралууда.

Трамп Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйыны учурунда Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жабык эшик артында жолугушуудан кийин Трамп Россиянын экономикалык алсыздыгы күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөрткөнүн айтты.

Трамп : "Европа Биримдигинин колдоосу менен Украинанын өзүнүн баштапкы чек арасын кайтарып алуу максатында согушуу жана жеңүү үчүн ылайыктуу позицияда экендигин ойлоп жатам",- деп билдирди жеңе алат деп ишенем", - деп билдирди Truth Social баракчасында.

"Убакыттын өтүшү менен чыдамкайлык жана Европанын, өзгөчө НАТОнун каржылык колдоосу, бул согуш башталган баштапкы чек араларды кайтарып алуу бир вариант бойдон калууда. Эмнеге болбосун? Россия үч жарым жылдан бери маанисиз согуш жүргүзүп жатат",- деп кошумчалады.

Россияны “кагаздан жаслаган жолборс” катары сыпаттаган Трамп Киевдин 2014-жылы Москва аннексиялап алган Крым жарым аралын кайтарып ала аларын ортого салды.

"Путин менен Россия чоң экономикалык кыйынчылыкка кабылды жана бул Украинанын аракетке өтүшү үчүн эң ылайыктуу учур. Кандай болгон күндө да мен эки өлкөгө тең ийгилик каалайм. НАТОго курал-жарак жеткирүүнү улантабыз жана НАТО бул куралдар менен каалаганын жасай алат", - деп жазды Трамп.

Зеленский билдирүүлөрдү ыраазычылык менен кабыл алды

Зеленский Трамптын билдирүүсү АКШнын саясатында "чоң өзгөрүү" дегенди билдирерин айтты.

Зеленский шейшемби күнү билдирүү жасап, украиналык күчтөр бул айда 360 чарчы километр басып алынган аймакты кайтарып алганын жана 1000 орус аскерин курчоого алганын билдирди.

Москвага кошумча санкцияларды киргизүүгө чакырып, Трамптын Европа өлкөлөрүнө орус мунайын сатып алууну токтотуу чакырыгын колдоду.

Трамптын акыркы билдирүүлөрү анын февраль айындагы Зеленский менен болгон катуу сүйлөшүүсүнөн кескин айырмаланат. Ал кезде Трамп украин лидерине: "Сиз азыр жакшы абалда эмессиз. Өзүңүздү жаман абалга алып келдиңиз. Азыркы учурда сиздин колуңузда карта жок. Биз менен бирге болсоңуз карта ээси болосуз", – деп айткан.

Бул айдын башында Трамп НАТО мүчөлөрүнүн орус мунайын импорттоону токтотуп жана ушуга окшош чара көрө турган болсо Россияга олуттуу санкцияларды киргизүүгө даяр экенин айткан.

Бул өзгөрүү Бул жылыш согуштун төртүнчү жылына кирип, Россия санкциялардан жана согуштагы жоготуулардан улам барган сайын экономикалык кысымга туш болуп жаткан учурга туш келди.

Иликте
Бен-Гвир мыйзамсыз отурукташкандарга санкциялардан кийин Евробиримдикти сындады
Хантавирус пандемиясынын чордонундагы круиздик кеме эвакуациядан кийин Нидерландияга бет алды
Азия Иран согушунан улам экинчи энергетикалык кризиске даярданууда
ЕБ Сирия менен толук кандуу кызматташууну калыбына келтирди
Геосаясий окуялар Түркия-ЕБ мамилелеринин маанисин дагы бир жолу көрсөтүүдө
Евробиримдик көптөн бери токтоп турган санкцияларды бекитиши мүмкүн
Эвакуациялык каттам учурунда француз жүргүнчүсүнөн хантавирустун белгилери байкалды
Тышкы иштер министрлиги: Пакистандагы террордук кол салууну кескин айыптайбыз
Ички иштер министри Чифтчи Түркия-Монголия жыйынына катышат
Хантавирус жайылган круиздик кемедеги АКШнын жаранынын тести оң натыйжа берди
Кытай Японияны Индия-Тынч океан стратегиясын колдогондугу үчүн айыптады
Путин: "Орус аскерлери НАТО куралдандырган жана колдогон агрессивдүү күч менен бетме  - бет"
Президент Эрдоган Бириккен Араб Эмирликтеринин Ппезиденти Аль Нахаян менен  телефон аркылуу сүйлөштү
Эрдоган: Түркия орун албаган Европа архитектурасы кемтик болот
Израиль Газада ок атышпоо эрежесин бузуп тогуз палестиналык жаракат алды