ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Путин: "Киев, ички саясий абалдан улам кризисти чечүүгө даяр эмес"
Орусия Мамлекеттик Башчысы Владимир Путин, Киев башкаруусунун ички саясий абалдан улам кризисти чечүүгө даяр эместигин белгилеп, "Украина менен тынчтык келишимин мыйзамдуу башкаруу менен кол коюуну каалайбыз" деди.
Путин: "Киев, ички саясий абалдан улам кризисти чечүүгө даяр эмес"
Орусиянын президенти Владимир Путин

Президент Путин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун (SPIEF) алкагында дүйнөнүн алдыңкы маалымат агенттиктеринин жетекчилери менен жолугушту.

"Донбасс аймагын толугу менен көзөмөлгө алууну каалайсызбы же келишим түзүүгө даярсызбы?" деген суроого жооп берген Путин бул жагдайлардын бири-бирине карама-каршы келбей турганын билдирди.

Орус армиясынын Украинадагы фронттун бардык багыттарында алдыга жылып жатканын белгилеген Путин: "Акыркы убакта болжол менен 2 миң 440 чарчы чакырымдык аймак көзөмөлгө алынды. Орус күчтөрү күн сайын алдыга жылууда. Россия Луганск Элдик Республикасынын толугун, Донецк Элдик Республикасынын 85 пайызын, Запорожье облусунун 80 пайызын көзөмөлүнө алды. Бул процесс уланууда", — деди.

Кагылышууларда Украинанын чоң жоготууларга учурап жатканына токтолгон Путин: "Украина Куралдуу Күчтөрүнүн аскер саны акыркы убакта 100 миңге азайды. Айлык жоготуулары 40 миңдин тегерегинде. Ушул жылдын башында армиядан качкандардын саны дээрлик 60 миңге жетти. Адамдарды армияга мажбурлап алып жатышат, аларда мотивация жок. Эч ким согушкусу келбейт", — деди.

Украина жетекчилиги бийликте калуу үчүн кагылышууларды токтотууну каалабай жатканын айткан Путин: "Киев ички саясаттагы кырдаалдан улам кризисти чечүүгө даяр эмес. Эгер ал жерде тынчтык орной турган болсо, Киевдеги ички саясий күрөш, бийлик үчүн тирешүү жана экономикалык абал түп-тамырынан начарлайт", — деди.

Путин, Украина бийлигинин мыйзамдуулугуна байланыштуу: "Украина менен тынчтык келишимин мыйзамдуу бийлик менен түзгүбүз келет. Эгер документтерге кол коюу этабына келе турган болсок, буларга кол койо турган кишилерди табабыз. Негизгиси каалашсын”,- деди.

“Трамптын сунуштары тынчтык келишиминин негизин түзө алат»

Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамптын Украина кризисин чечүүгө чын жүрөктөн аракет кылып жатканын билдирип:"Трамптын сунуштары тынчтык келишиминин негизин түзүшү мүмкүн",- деп кошумчалады.

АКШ администрациясы азыркы учурда Иран кризиси менен алек болуп жатканын белгилеген Путин: "Эгер Украинадагы кризис аймактык мүнөздө болгон болсо, Иранга байланыштуу кризис глобалдык мүнөзгө ээ. Ормуз кысыгынын жабылышы дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизди. Тилекке каршы, Европа мамлекеттери Украина кризисине глобалдык масштаб берүүгө аракет кылып жатышат", - деди.

Украина кризисин чечүү процессине катышуу үчүн Европа нейтралдуу бойдон калышы керектигин баса белгилеген Путин, Украинанын Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө болушуна каршы эмес экенин, тескерисинче, ЕБнин аскердик уюмга айланышына каршы экенин айтты.

Иликте
Иран парламентинин спикери Калибаф Израиль ислам өлкөлөрүнүн негизги душманы экенин айтты
Президент Эрдоган Аясофия тууралуу пост жарыялады
Израиль армиясы Газадагы бир нече үйгө абадан сокку урду
Түркия израилдик министрдин Акса мечитинде жүргүзгөн рейдине каршылык көрсөттү
Украина лидери: "Россиянын Павлоград шаарына жасаган чабуулунда 3 адам каза болду"
Султандар жарым финалда
Россия менен АКШнын тышкы иштер министрлери Украина кризиси тууралуу сүйлөштү
Израиль Газадагы ок атышуу эрежесин бузуп, төрт палестиналыкты өлтүрдү
Түркиянын "AKYA" торпедосу чыныгы ок - дары менен атуу сыноосунда бутадагы кемени жок кылды
Кыргызстан менен Беларус соода көлөмүн 500 миллион долларга чейин көбөйтүүнү максат кылууда
Пакистан менен Иран терроризмге жана баңги затка каршы күрөшүүдө кызматташуусун күчөтөт
Иран: "АКШ менен маалымат алмашуу жана ортомчулук аракеттери уланууда"
Россиянын түштүгүндөгү Wildberries логистикалык борборлоруна дрон менен чабуул жасалды
Түрк аскерлеринин Сомалидеги миссиясынын мөөнөтү 2 жылга узартылды
АСЕАН Түркияга диалог өнөктөшү статусун берди