Нааразычылык акциялары күчөгөн сайын АКШ өз жарандарын "Ирандан тезинен чыгып кетүүгө" чакырды
Эскертүү Тегеран башкаруусуна карата кысым күчөп жаткан кезде Ак үйдө кибер, психологиялык жана аскердик куралдар талкууланган сүйлөшүүлөр менен бир убакта билдирилди.
АКШнын Ирандагы виртуалдык элчилиги дүйшөмбү күнү америкалык жарандарга баш аламандык күчөп жаткандыктан, өлкөдөн тезинен чыгып кетүүнү эскертти.
Элчилик жарыяланган коопсуздук эскертүүсүндө : “Дароо Ирандан чыгып кеткиле”,- деп жарандарынан АКШ кмөтүнөн жардам албастан Ирандан чыгуу планын түзүүлөрү керектигин сунуш кылды. Эскертүүдө өзгөчө: “Чыга албасаңыз жашаган жеириңизде же башка бир имаратта коопсуз жай табыңыз”,- деп айтылды.
Кеңеш берүү чечиминде Ирандагы АКШ жарандарынан интернеттин үзгүлтүккө учурашына даяр болуу, байланыштын альтернативдүү жолдорун пландаштыруу жана "эгер коопсуз болсо, кургактык аркылуу Арменияга же Түркияга өтүп, Ирандан чыгып кетүүнү караштыруу" талап кылынды.
Иран - АКШ кош жарандуулугу бар адамдардынИрандан Иран паспорттору менен чыгуулары керектиги белгиленген билдирүүдө; Иран өкмөтүнүн кош жарандуулукту таныбаганы жана бул кишилерге бир гана Иран жараны катары мамиле кылынары эске салынды. Өзгөчө: “АКШ паспортун көрсөтүү же АКШ менен байланыштуу экенин далилдөө, ирандык жетекчилердин бирөөнү камакка алуу үчүн жетерлик себеп болушу мүмкүн”,- деп айтылды.
Трамп администрациясы Иранга каршы аскердик жана жашыруун варианттарды карап жатат
Дүйшөмбү күнү АКШнын президенти Дональд Трамп өкмөткө каршы нааразычылык акцияларынын күчөшүнө каршы чаралар уланып жаткандыктан, Иран менен иш алып барган өлкөлөргө 25 пайыздык тариф киргизгенин жарыялады.
Трамп ирандык жетекчилердин нааразычылык акцияларын басаңдатуу үчүн өлүмгө алып келүүчү күч колдоно турган болсо, кол салуу менен көптөгөн жолу коркутса да Тегеран менен дипломатиялык байланыш мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө даяр экенин да билдирген.
Келген отчеттор Трампка аскердик абадан кол салуулар менен бирге Иранга каршы аракетке өтүү үчүн түрдүү варианттардын сунушталгандыгын көрсөттү. CBS News кабарлагандай бул варианттар аскердик жана жашыруун куралдардын кеңири чөйрөсүн, Ирандын командалык түзүмдөрүн, байланыштарын жана мамлекеттик маалымат каражаттарын үзгүлтүккө учуратууга багытталган кибер операцияларды, ошондой эле психологиялык өнөктүктөрдү камтышы мүмкүн.
Пентагондун эки өкүлүн булак катары көрсөтүлгөн кабарда кибер жана психологиялык операциялардын өзүнчө же бирдей учурда колдонулушу мүмкүн экенин, бирок акыркы чечимдин азырынча кабыл алына электиги маалымдалды. Ошондой эле, шейшемби күнү Ак үйдө Трамптын улуттук коопсуздук тобу Иранга байланыштуу жаңыртылган варианттарды талкуулоосу күтүлүп жатканы кабарланды.
Трамп жекшемби күнү администрациясынын Ирандагы кырдаалды кылдаттык менен көзөмөлдөп жатканын жана нааразычылык акцияларынан каза болгондордун саны көбөйгөндүктөн "абдан күчтүү варианттарды" карап жатканын билдирди. АКШнын качан, кайда же кандай иш-аракет кыларын так айтпаганТрамп "Биз чечим кабыл алабыз" деп кошумчалады жана Иран боюнча саат сайын отчет алып жатканын билдирди.