ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
АКШ Орусиянын энергетикалык агымдарын калыбына келтирүүнү сунуштап жатат
The Wall Street Journal гезитинин маалыматына караганда, план тоңдурулган орусиялык активдерди реконструкциялоо үчүн колдонууну жана АКШ фирмаларына Орусиянын негизги тармактарына кирүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү көздөйт.
АКШ Орусиянын энергетикалык агымдарын калыбына келтирүүнү сунуштап жатат
АКШ Орусиянын энергетикалык агымдарын калыбына келтирүүнү сунуштап жатат. / Reuters
 

The Wall Street Journal гезити “Трамптын администрациясы Украинаны кайра куруу жана Орусиянын дүйнөлүк экономикага кайра интеграцияланышынын алкагында орусиялык энергетикалык агымдарды кайра ачууну сунуштады”, деп билдирди.

Шаршемби күнү жарыяланган кабарга ылайык, бул пландар акыркы апталарда европалык кесиптештери менен бөлүшүлгөн тынчтык сунуштарынын тиркемелерине киргизилген.

Сунуштар АКШ компанияларынын Украинадагы долбоорлорду каржылоо үчүн болжол менен 200 миллиард долларга жакын тоңдурулган орус мамлекеттик каражаттарына жетүүсүн көздөөөдө; булдардын ичинде Орусиянын көзөмөлүндөгү Запорожье атомдук станциясынын электр энергиясы менен иштөөчү ири маалымат борбору да бар.

Бул алкак ошондой эле АКШ компанияларын сейрек кездешүүчү жер элементтерин казуу жана Арктикадагы мунай чалгындоо сыяктуу негизги орусиялык тармактарга киргизүүнү жана орусиялык энергетикалык камсыздоону Батыш Европа менен дүйнөлүк рынокторго кайра ачууну максаттайт.

Документтерди карап чыккан айрым европалык расмий өкүлдөр бул сунуштарды канчалык олуттуу кабыл алуу керек деген суроону коюшуп, алардын бири муну АКШ президенти Дональд Трамптын Газаны Ривьера стилиндеги курортко айлантуу сунушуна окшоштурду.

Дагы бир европалык чиновник сунушталган АКШ-Орусия энергетикалык келишимдерин экономикалык жактан "Ялта стилиндеги" келишимге окшоштурду.

Отчетто ошондой эле европалык чиновниктер Украинага мамлекеттик операциялар үчүн зарыл болгон курал-жарак жана насыяларды берүү үчүн Европадагы тоңдурулган орусиялык активдерди колдонгусу келгендерин кошумчалады.

Европалык расмий өкүлдөр АКШнын планы Европанын Украинаны колдоо жана Орусияны экономикалык жактан обочолонтуу стратегиясын алсыратуу коркунучун туудурарын айтышкан, ошондуктан Вашингтон шарттарды коё электе эле Европанын борборлорунда шашылыш аракет башталды.

АКШнын расмий өкүлдөрү болсо Европанын планы тоңдурулган орус активдерин түгөтө турганын, ал эми Американын ыкмасы ири америкалык финансисттер менен кеңейтүү аркылуу аны болжол менен 800 миллиард долларга жеткире алат деп жакташты.

Иликте
Индонезиядагы өрт апааты: 24 адам каза таап, ондогон адамдан кабар жок
Трамп Иранга чабуулдар жаңы жылдан кийин кайра башталышы мүмкүн деп эскертти
Украина: "Орусиянын ар кандай чабуулдарынан 14 жаран каза болду"
Түрк Кызылайы Газадагы 25 миң адамга азык-түлүк жардамын жөнөттү
Баскынчы Израиль Батыш Шериадагы жөөт конуштарында 895 жаңы турак жай куруу планын жарыялады
Украина: «Россиянын Кривой Рог шаарына жасаган чабуулунан 2 адам каза болуп, 52 адам жаракат алды»
Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия Россияны Украинадагы согушту токтотууга чакырды
WSJ: АКШ "Украина Россияга аймактарды берүү менен НАТОго мүчөлүгүн" күн тартибине алып келүүдө
Трамп Путинди досу катары атап, Европаны Украинага жардамды токтотууга чакырды
Израилдин чабуулдарынан улам 6 миңден ашуун палестиналык кайрадан жер которууга аргасыз болду
Россия: "Украинанын энергетикалык жана порттук инфраструктуралык объектилерине чабуул жасадык"
Трамп Си Цзиньпин жана Путин менен өтө турган тарыхый саммит баштала электе эле «жеңиш» деп мүнөздү
ЕБдан Украинада  ыктымалдуу тынчтык келишими үчүн коопсуздук кепилдиктерин талап кылды
Путин APEC ишкер лидерлерине экономикалык кысымдын «артта калганын» айтты
Россия: Украина Крым көпүрөсүнө кайрадан чабуул жасады
Мыйзамсыз израилдик отурукташуучулар Иерихонго жакын жерде палестиналык аялды өлтүрдү
Түштүк Кореяда 75 жыл мурда согушта курман болгон аскердин сөөгүнүн калдыгы үй-бүлөсүнө тапшырылды
Иран АКШнын аскердик учкучсуз учуучу аппаратын кармап алганын билдирди
Россия: Украинада убактылуу ок атышууну токтотууну эмес, көп жылдарга созулган тынчтыкты каалайбыз
Израиль Газанын түштүгүндө ХАМАСтын жогорку даражалуу командирин өлтүрдү