ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Пакистан менен Афганистан 6-ноябрда Стамбулда сүйлөшүүлөрдү улантышат
Түркия Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Түштүк Азияда жайгашкан коңшулардын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрү Стамбулда улантылат Тараптар ок атышууну токтотууну көзөмөлдөө жана текшерүү механизмин түзүүгө макул болушту.
Пакистан менен Афганистан 6-ноябрда Стамбулда сүйлөшүүлөрдү улантышат
Афганистан менен Пакистан 6-ноябрда Стамбулда тынчтык сүйлөшүүлөрүн улантууга макулдашышты. / AA

Афганистан менен Пакистан 6-ноябрда Стамбулда тынчтык сүйлөшүүлөрүн кайра баштоого жана ошол убакка чейин ок атышпоону сактоо боюнча макулдашты.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги берген маалыматында:"Бардык тараптар ок атышпоону улантууга макул болушту. Анын ишке ашырылышынын жол-жоболору 2025-жылдын 6-ноябрында Стамбулда өтө турган жогорку деңгээлдеги жыйында каралып, чечим чыгарылат”,- деп айтылды.

Министрлик ошондой эле бардык тараптардын тынчтыкты сактоо жана эрежелерди бузган тарапка жаза колдонуу үчүн мониторинг жана текшерүү механизмин киргизүүгө макулдашканын билдирди.

«Ортомчулар катары Түркия менен Катар эки тараптын активдүү кошкон салымына жогору баа берип, туруктуу тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти», – деп айтылды билдирүүдө.

Афганистан менен Пакистандын жетекчилеринин ортосундагы сүйлөшүүлөр Стамбулда бир нече күнгө созулган ортомчулук аракеттеринен кийин жыйынтыкталды. Афганистандын убактылуу администрациясынын өкүлү Забихулла Мужахиддин айтымында, эки тарап сүйлөшүүлөрдү улантуу боюнча макулдашты.

Чек арадагы кандуу кагылышуулардан кийин, 19-октябрда Дохада Катар жана Түркиянын ортомчулугу менен Исламабад менен Кабулдун ортосунда сүйлөшүүлөр өткөн. Анда эки тарап ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкен жана бул макулдашуу азыркы учурда күчүндө.

Андан кийин өткөн жумада эки тарап Стамбулда кайрадан жолугушуп, сүйлөшүүлөрүн улантты. Туруктуу тынчтыкка жетишүү аракеттери улантылууда.

ТТП – негизги чыңалуунун булагы

Пакистан коргоо министри Хаважа Мохаммад Асиф Geo News телеканалына берген маегинде, Түркия менен Катардын талабы боюнча Пакистандын тынчтыкка дагы бир мүмкүнчүлүк берүү чечимин кабыл алганын билдирди. Кечээ түнү өлкөгө кайтуусу пландалган Пакистан делегациясынын Стамбулда калуусу суралганын билдирди.

Пакистан советтер союзунун Афганистанды басып алуу учурунда төрт миллионго жакын ооган качкындарын кабыл алган. Бирок, өзгөчө Техрик-и-Талибан Пакистан (ТТП) сыяктуу террордук уюмдардын Пакистандын ичинде жасаган зомбулук аракеттери Афганистан Талибаны менен болгон мамилесин бир топ татаалдаштырды.

Афганистан Талибаны 2021-жылы АКШ жетектеген күчтөр өлкөдөн чыккандан кийин Кабулда бийликке кайтып келди. Пакистандын аскер кызматкерлеринин айтымында, быйылкы жылы 500дөн ашык адам, анын ичинде 311ден ашык жоокер, негизинен ТТП тарабынан жасалган кол салууларда каза болгон.

Пакистан Афганистанды ТТП террордук тобун өз аймагында жашырууда деп айыптоодо, бирок Кабул бул дооматтарды четке кагууда.

Иликте
Ирандын революция сакчылары Кувейттеги АКШнын аба базасын бутага алганын билдирди
Келерки жумалар Украинанын Европа Биримдигине мүчөлүк процесси үчүн абдан маанилүү
1,7 миллионго жакын мусулман ажылыкка барды
Хамас Кассам бригадасынын командири Авденин Израилдин чабуулунан каза болгонун ырастады
Израиль армиясы Газага кол салууда Хамастын аскердик лидерин өлтүргөнүн билдирди
БУУ Европадагы ысык аба ырайын климаттык кризистин "аёосуз эскертүүсү" деп мүнөздөдү
ДССУ:Испанияда жаңы учур катталып,круиздик кемедеги хантавирус жуктуруп алгандардын саны 13кө жетти
АКШнын аскерлери Ирандын түштүгүндөгү деңиз жана ракеталык буталарга сокку урду
Израилдин президенти Герцог Израиль коомун «желмогуз» деп мүнөздөдү
Орусия чет элдиктерди жана дипломаттарды Киевден чыгып кетүүгө чакырды
Британиянын коргоо министринин учагы Орусиянын чек арасына жакын жерде сигналдын бузулушуна кабылды
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги "25-май Африка күнүнө" карата куттуктоо жарыялады
Израиль армиясы Батыш Шериада дүкөндөрдү жаптырды
Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусун жуктуруп алгандардын саны 100дөн ашты
Түркия жана 14 өлкө Сомалиленддин Кудста элчилик ачуу кадамын айыпташты