ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
"Мелисса" бороону Ямайканы кыйраткандан бир нече саат өткөндөн кийин Кубага жетти
АКШнын метеорологиялык кызматкерлеринин маалыматы боюнча, шаршемби күнү Кубага жеткен "Мелисса" бороону 3-категорияга чейин төмөндөтүлдү.
"Мелисса" бороону Ямайканы кыйраткандан бир нече саат өткөндөн кийин Кубага жетти
Ямайканы кыйраткан "Мелисса" бороону Кубага бир нече сааттан кийин жетти / Reuters

Шаршемби күнү Мелисса бороону Чыгыш Кубанын түштүк жээгине сокку уруп, буга чейин коңшу Ямайкада кыйроолорду жаратып, Кариб аралындагы эң күчтүү циклон катары тарыхта калды.

АКШнын Улуттук бороон борборунун (NHC) акыркы маалыматына ылайык, Мелисса Кубанын Гуантанамо шаарынан 95 чакырым түштүк-батышына жетип, шамалдын ылдамдыгы саатына 195 чакырымга (120 миль) жеткен.

Кубаттуу бороон Ямайканын түштүк-батышындагы Нью-Хоуп шаарына жакын жерден жээкке чыгып, шамалдын ылдамдыгы саатына 295 чакырымга (185 миль) жеткенден кийин 3-категориядагы бороонго чейин алсырады. Бул Сафир-Симпсон шамал шкаласы боюнча 5-категориядагы бороондун минималдуу ылдамдыгы болгон 252 чакырымдан (157 миль) кыйла жогору.

Ямайканын түштүк-батышындагы Сент-Элизабет чөлкөмү "сууга чөгүп калды" деп билдиришти, 500 000ден ашуун тургун электр жарыгысыз калды.

Ямайканын премьер-министри Эндрю Холнесс CNN каналына берген маегинде: "Биз алган маалыматтарга ылайык, ооруканага зыян келтирилген, турак жайларга, коммерциялык объекттерге жана жолдорго олуттуу зыян келтирилген," - деп билдирди.

Холнесс өкмөт бороонго байланыштуу өлүм учурларын тастыктай электигин, бирок бороондун күчү жана келтирилген зыян эске алынса, "айрым адамдардын өмүрү кыйылган болушу мүмкүн" деп кошумчалады.

NHC маалыматына ылайык, Мелиссанын шамалы саатына 233 чакырымга (145 миль) чейин басаңдап, аралдын тоолуу аймактарын каптап, жер көчкү жана суу ташкындарына дуушар кылды.

Куба бийлиги 500 000дей адамды коопсуз аймактарга көчүрүү буйругун берди. Мелиссанын түндүк-чыгыш багытындагы Багам аралдарында да түштүк аймактардагы тургундарды эвакуациялоо буйругу берилди.

Чыгыш тарапта жайгашкан Гаити жана Доминикан Республикасы менен бөлүшүлгөн аралда бир нече күн бою катуу жааган жамгырдан улам төрт адам каза тапканын жергиликтүү бийлик билдирди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Ямайкада бороонго даярдык көрүү учурунда үч адам каза болгонун, ал эми кырсыктарды координациялоочу кызматкер бороон башталганда инсульт алып, ооруканага жеткирилгенин кабарлашты. Шейшемби кечинде көптөгөн аймактар байланышы үзүлгөн бойдон калган.

ТийиштүүTRT Кыргызча - Мексикада жааган жамгыр 27 кишинин өлүмүнө себеп болду

Иликте
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди
Ок атышпоого карабастан Израилдин Газага жасаган чабуулдарынан акыркы 24 саатта 8 адам каза болду
Президент Эрдоган БУУнун Башкы катчысы Гутеррешти кабыл алды
БУУнун Башкы катчысы Гутерриш Түркиянын COP 31ди уюштурганын мактады
Түркия жашыл жана санариптик өтүүнү тездетүү үчүн Жашыл келишим боюнча иш-аракеттер планын жаңылады
Түркия менен Өзбекстан айлана-чөйрөнү коргоо боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту
ASELSAN бардык энергетикалык муктаждыктарын күн энергиясынан канааттандырат
Эл аралык катышуучулар COP31де Ататүрктү бир мүнөттүк унчукпай туруу менен эскеришти