ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Кытай Зеленскийдин санкциялар боюнча коркутуусуна каршы чыкты
Украинанын президенти Кытай жарандары да кирген Россиянын аскердик-өнөр жай комплексин бутага алган жаңы санкциялар пакети болорун билдирди.
Кытай Зеленскийдин санкциялар боюнча коркутуусуна каршы чыкты
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лин Цзянь Бээжиндеги маалымат жыйыны учурунда жаңсап турат. 2024-жылдын 20-мартында. (Архив) / Reuters

Пекин Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Кытайдын жарандарына каршы санкциялар тууралуу коркутуусун четке какты.

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Линь Цзянь шейшемби күнү Пекинде журналисттерге: "Кытай эл аралык укукту бузган жана Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин уруксаты жок болгон бардык бир тараптуу санкцияларга ар дайым каршы", - деди.

Лин : "Украинаны каталарын тез арада оңдоого чакырабыз. Кытай кытайлык компаниялардын жана жарандарынын мыйзамдуу укуктарын коргойт",- дед.

Пекиндин бул билдирүүлөрү Зеленскийдин дүйшөмбү күнү Украинанын "бул жылдын аягына чейин орус активдерине жана Россиянын агрессиясын колдогондорго каршы бир нече кошумча санкциялар чечимдерин" даярдап жатканын айткандан кийин билдирилди.

Зеленский Xте жарыяланган билдирүүсүндө : "Россиянын аскердик-өнөр жай комплекси менен иштегендерге багытталган кеминде бир санкция пакети болот. Бул пакет бир гана Россиядан келген жеке адамдар гана эмес, айрыкча Кытайдан келгендерди да камтыйт", - деди.

Бирок, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин катчысы Лин кагылышуунун башынан бери Пекиндин "Россия, Украина жана бардык тиешелүү тараптар менен тыгыз байланышта" экенин айтып, "Кытай кагылышууну токтотууга жана тынчтык үчүн сүйлөшүүлөрдү алдыга жылдырууда чечкиндүү. Кытай тынчтыкка салым кошкон бардык аракеттерди колдойт жана конструктивдүү ролду ойноону",- деп кошумчалады.

Бразилия менен бирге Кытай Украина кризисин саясий жол менен чечүүнү максат кылган "Тынчтык достору тобун" түздү.

Иликте
НАТОнун Анкара саммитинин билдирүүсү жарыяланды
Россия: "Украина эл аралык энергетикалык инфраструктурага каршы террордук аракеттерге барууда"
Эрдоган НАТО ичиндеги коргонуу боюнча кызматташтыкка карата чектөөлөрдү жоюга чакырды
Трамп: «Менин оюмча Иран менен ок атышпоо аяктады»
Иран АКШнын Исламабад ок атышпоо келишимин бузушун айыптады
АКШ Иранга каршы жаңы кол салууларды баштады
Сирия жана Франция он жылдан ашык убакыттан кийин дипломатиялык байланыштарды калыбына келтирүүгө макулдашты
Германия: НАТО өлкөлөрү Украинага 140 миллиард евро жардам берүүгө убада беришет
Президент Эрдоган: "Саммиттен күчтүү чыгабыз"
Трамп менен Эрдоган жолугушуусу: АКШ Түркияга каршы санкцияларды жойот, F-35 боюнча чечим жакында
Эрдоган НАТО саммитине келген  Трампты Анкарада тосуп алды
Кремль: "Анкарадагы НАТО саммитин жакындан көзөмөлдөп жатабыз"
НАТОнун Анкара саммитинде Коргонуу өнөр жай форуму башталды
Түркия курамасы («12 алп адам») Дүйнөлүк кубок жолунда 6 беттештин баарында жеңишке жетти
Министр Фидан: "Түркия Европа коопсуздугунун борбордук актерлорунун бири"