ДҮЙНӨ
1 мүнөт окуу
Дания: Гренландия боюнча сүйлөшүүлөр жакында башталат
НАТОнун башкы катчысы жана Даниянын премьер-министри Арктиканын коопсуздугун чыңдоо темасында макулдашышты, ал эми Даниянын премьер-министринин Нуукта гренландиялык кесиптеши менен жолугары күтүлүүдө.
Дания: Гренландия боюнча сүйлөшүүлөр жакында башталат
Даниянын тышкы иштер министри Ларс Расмуссен. / AP

Даниянын тышкы иштер министри Ларс Лёкке Расмуссен жума күнү Арктикадагы коопсуздукту арттыруу үчүн Гренландия темасында АКШ менен сүйлөшүүлөр жакында башталат деп күтүлүп жатканын билдирди.

Жума күнү Копенгагенде журналисттерге маалымат берген Расмуссен: "Биз бул жыйындарды жакында баштайбыз. Бирок процесстин айланасындагы чыңалууну азайтуу үчүн сүйлөшүүлөрдүн убактысын азырынча бөлүшпөйбүз", - деди. Сүйлөшүүлөрдүн негизги багыты "коопсуздук, коопсуздук жана коопсуздук" болорун баса белгиледи.

Ал арада НАТОнун лидери Марк Рютте жана Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жума күнү АКШнын президенти Дональд Трамп Гренландияны басып алуу боюнча коркутууларынан баш тарткандан кийин альянс Арктиканын коопсуздугу боюнча аракеттерин күчөтүшү керек деген пикирге келишти.

Рютте Брюсселде Фредериксен менен жолугушуусунан кийин X баракчасына жазган билдирүүсүндө: "Биз бүтүндөй НАТОнун коопсуздугун камсыз кылуу максатында биргелешип иштеп жатабыз жана Арктикада коргонууну күчтөндүрүү үчүн кызматташтыгыбызды бекемдейбиз", - деп билдирди. Рюттенин ушул аптада Давосто Трамп менен Гренландия темасында макулдашууга жетишкени айтылганы менен, келишимдин чоо-жайы ачыкка чыга элек.

Бир тараптан Трамп коркутууларынан баш тарткандан кийин Фредериксендин Гренландиянын борбору Нуукка барып кесиптеши менен жолугары күтүлүүдө. Фредериксен өзүнүн X баракчасында Брюсселден Нуук шаарына бара турганын мааалымдады.

Иликте
Түркиянын коргонуу жана аэрокосмос өнөр жайы экспорттук ийгилигин улантууда
Иран армиясынын басма сөз катчысы Экреминия "АКШга жооп кайтарабыз" деп эскертти
Австралия Борнеодогу токой өрттөрүн өчүрүүгө жардам берүү үчүн Индонезияга учак жөнөттү
АКШ Кубанын армиясына жана энергетикалык камсыздоо тармактарына каршы жаңы санкцияларды жарыялады
Путин Япониянын JTI тамеки компаниясынын Россиядагы активдерин убактылуу башкарууга өткөрдү
НАТО-Украина кеңеши Брюсселде кезексиз жыйын өткөрдү
Европа Биримдигинен Украинага 4,36 миллиард евролук колдоо
Эмине Эрдоган Түркия менен Түштүк Кореянын ортосундагы "терең тамырлаган достукка" көңүл бурду
Брюсселге бара жаткан учак бомба коркунучунан кийин Брюссель аэропортуна коопсуз конду
Греция: Студенттер жана мугалимдер кайрадан көчөгө чыгышты
Орусиянын Рязань облусундагы өнөр жай объектилерине дрондук кол салуудан бир адам жаракат алды
Министр Чифтчи: Италия менен коопсуздук жаатындагы кызматташтыгыбызды бекемдөөнү максаттоодобуз
Фенербахче англиялык Ливерпульду "жеңди"
АКШ өзүнүн инвентаризациясынан эки тыңчы учагынын бирин Жакынкы Чыгышка жөнөттү
Хаменеи: АКШдагы шайлоо Ирандын саясатын өзгөртпөйт