ДҮЙНӨ
3 мүнөт окуу
Австрия Гитлер төрөлгөн үйдү талаш - тартыштардан кийин полиция борборуна айландырууда
Австрия Адольф Гитлердин туулган үйүн полиция борборуна айландырууда; бул кадам Холокост үчүн жоопкерчилик жана ашкере оңчулдук боюнча талкууларды кайрадан жандандырып, коомчулукта ар кандай реакцияларды жаратты.
Австрия  Гитлер төрөлгөн үйдү талаш  - тартыштардан кийин полиция борборуна айландырууда
Реконструкция долбоору Австриялык салык төлөөчүлөргө 23.5 миллион долларга турат. / AFP

Адольф Гитлер туулган үйдүн полиция борборуна айландырылышы Австриядагы туулган жери Браунау-ам-Инн шаарында ар кандай сезимдерди жаратты.

Германия чек арасындагы шаарчада үйдүн алдында сөз сүйлөгөн 53 жаштагы кеңсе жардамчысы Сибилле Трейблмайер: “Бул эки миздүү бычак”,- деди. Трейблмайер AFP маалымат агенттигине берген билдирүүсүндө бул кадамдын бул кадам ашынган оңчулдардын аймакка чогулушуна тоскоол болушу мүмкүн экенин, бирок имараттын «дагы жакшы же башка максатта колдонулушу мүмкүн» экенин белгиледи.

Өкөмт аянтты “таасирсиз абалга алып келүүнү” максат кылган жана 2026 - жылы эскирген имаратты жеке ээсинен мамлекетке өткөрүп алуу үчүн мыйзам чыгарган. 1938-жылы Гитлердик Германия тарабынан аннексияланган Австрия Холокосттогу жоопкерчиликти толук моюнга албагандыгы үчүн көп жолу сынга кабылган. Мурдагы нацисттер тарабынан негизделген ашынган оңчул Эркиндик партиясы 2024-жылдагы улуттук шайлоодо эң көп добуш алганына карабастан өкмөт кура албаса да сурамжылоолордо алдыда. Өткөн жылы Браунау-ам-Инн шаарында нацисттерди эске салган эки проспектинин аты активисттердин көп жылга созулган арыздарынан кийин өзгөртүлдү.

Гитлер 1889-жылы 20-апрелде туулган жана балалыгынын кыска бир мезгилин өткөргөн үй шаардын борборундагы дүкөндөр менен курчалган тар көчөдө жайгашкан. Үйдүн алдындагы эстелик ташта бул сөздөр жазылган: «Тынчтык, эркиндик жана демократия үчүн. Фашизмге экинчи жол жок. Каза болгон миллиондогон киши эскертет».

AFP агенттигинин бул жумада ишке ашырган сапарында жумушчулардын жаңыланган сырткы көрүнүшүнө акыркы штрихтерди киргизип жатканы байкалды. Ички иштер министрлиги полиция кызматкерлеринин “2026 - жылдын экинчи чейрегинде” имаратка көчүүнүн пландалып жатканын билдирди.

Бирок Холокосттун курмандыктарынын кызыкчылыгын коргогон Австриянын Маутхаузен комитетинин мүчөсү, жазуучу Людвиг Лахердин айтымында: ал жердин полиция бөлүмү болушу күмөндүү маселе, анткени полиция ар кандай саясий системада мамлекет эмнени кааласа, ошону коргоого милдеттүү. Лахер имаратты адамдар тынчтыкты орнотууну талкуулоо үчүн чогула турган жайга айландыруу идеясы буга чейин "чоң колдоого ээ болгонун" эске салды.

34 жаштагы дүкөн ээси жана Браунаунун тургуну Жасмин Штадлер болсо, Гитлердин бул үйдө төрөлүшүн "тарыхый контексттин” ичинде үй жөнүндө көбүрөөк маалымат берүү кызыктуу болорун айтты. Ошондой эле Штадлер имаратты кайра курууга кеткен 20 миллион евролук (24 миллион доллар) чыгымды катуу сынга алды.

«Бир аз тынчтык»

Ошентсе да, имараттын кайра долбоорлонушун колдогондор да бар. Имарат мындан көп жыл мурун Ички иштер министрлиги тарабынан ижарага алынып, кароосуз калганга чейин мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн борбор катары кызмат кылган. 57 жаштагы электр инженери Вольфганг Лейтнер бул жердин полиция бөлүмүнө айландырылышы ашынган оңчулдар үчүн «ыйык жайга» айлануусун алдын алуу менен «тынчтык алып келерин» айтты жана: «Имаратты колдонуу жана аны мамлекеттик органдарга, полицияга берүү акылга сыярлык иш», — деп кошумчалады.

Браунаунун консервативдүү мэринин аппараты AFP агенттигинин комментарий берүү өтүнүчүн четке какты.

Австрия боюнча өлкөнүн Холокост тарыхы менен кантип бетме-бет келиши керектиги тууралуу талаш-тартыштар көптөгөн жолу күч алды. Нацисттик башкаруу учурунда 65 000ге жакын австриялык еврей өлтүрүлүп, 130 000и сүргүнгө айдалган.

Иликте
АКШ НАТОнун Европадагы операцияларын кескин кыскартууну пландаштырууда
Канаданын премьер-министри Карни: Түркия НАТОнун маанилүү өнөктөшү
Трамп Иранга карата пландалган кол салууну токтотту; келишим түзүү белгисин берди
Шакира менен Бурна Бой Дүйнөлүк Кубоктун ачылышында чогуу ырдашты
Белфасттагы зордук-зомбулук окуяларынан кийин Британия Ирландия чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү
Сирия купуя документтерди интернетке чыгарып жиберген киберчабуул боюнча иликтөө жүргүзүп жатат
Кудс губернаторулугу: "Израиль UNRWA'га таандык билим берүү комплексин жок кылууну пландап жатат"
Инд океанында  ушул кезге чейинки эң терең жана эң чоң кит көрүстөнү табылды
Пакистан Индия суу агымын чектесе "олуттуу кесепеттерге" дуушар болорун эскертти
Peace Now: Израиль Батыш Шериадагы 69 мыйзамсыз конуш үчүн 51 миллион доллар бөлдү
Иран АКШнын акыркы чабуулдарынан кийин ок атышууну токтотууну жарыялоо "маанисиз" экенин билдирди
Пашинян Армения-Түркия темир жолу "тез" ачылат деп үмүттөнөрүн билдирди
NBC: Трамп коргоо өнөр жайынын жетекчилери менен жолугат
Кытайдын  түштүгүндө болгон жарылууда  7 киши каза болуп,  17 киши жаракат алды
Окумуштуулар Австралиянын жээгинен дүйнөдөгү эң чоң киттер көмүлгөн жерди табышты
Трамп ирандык жетекчилер АКШ чабуулдарын токтотуу үчүн өзүнө телефон чалганын айтты
Иран Ормуз кысыгын бардык кемелер үчүн жапканын жарыялады
Иран Иорданиядагы АКШ аба базасына сокку урганын билдирди
БУУ Газадагы оор гуманитардык абалга көңүл бурду
Иран АКШнын Кувейт жана Бахрейндеги 18 негизги аскердик объектисине сокку урду