ДҮЙНӨ
2 мүнөт окуу
Орусия Израилдин чабуулдарына каршы Иранга жардам берүүгө даяр
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Израиль-Иран кагылышуусу күчөгөн учурда Тегерандын талабына жараша Иранга жардам берүүгө даяр экенин ишара кылып, маселени тынчтык жолу менен чечүүгө чакырды.
Орусия Израилдин чабуулдарына каршы Иранга жардам берүүгө даяр
He said US strikes on Iran will not affect the dialogue between Moscow and Washington. / Photo: AP / AP

Кремлдин билдирүүсүндө, Орусия Жакынкы Чыгышта уланып жаткан чыңалуунун шартында Иранга ар кандай жолдор менен жардам берүүгө даяр экени, бирок бул Тегерандын муктаждыктарына байланыштуу экени айтылды.

“Биз ортомчулук аракеттерибизди сунуштадык. Бул конкреттүү кадам. Өз позициябызды билдирдик, бул да Иран тарапка колдоо көрсөтүүнүн маанилүү көрсөткүчү,” - деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков дүйшөмбү күнү журналисттерге.

Израиль менен Иран 13-июндан бери абадан согушуп жатат, Тель-Авив Ирандагы ар түрдүү буталарга, анын ичинде аскерий жана өзөктүк объектилерге күтүүсүз чабуул жасагандан кийин Тегеран жооп кайтаруу соккуларын баштаган.

Ошол эле учурда, АКШ жекшемби күнү эртең менен Ирандын үч негизги ядролук объектилерине сокку урду. АКШнын президенти Дональд Трамп бул объектилерге олуттуу зыян келтирилгенин жана “талкаланганын” билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчинин Москвадагы жолугушуусу тууралуу Песков бул сүйлөшүүлөр пикир алмашууга, Тегерандын учурдагы кырдаал боюнча сунуштарын жана көз карашын Москвага билдирүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтты.

‘Көз карандысыз процесстер’

Песков учурдагы чыңалууда катышуучулардын саны көбөйгөнүн белгилеп: “Албетте биз муну айыптайбыз жана бул жагдайга терең өкүнүчүбүздү билдиребиз,” - деди.

Песков Путин менен Трамптын акыркы сүйлөшүүлөрүндө Ирандын бир нече жолу күн тартибинде болгонун, бирок орус лидерине жекшемби күнкү кол салуулар тууралуу маалымат берилбегенин айтты.

Трамптын Ирандагы бийликти алмаштыруу тууралуу билдирүүсү жөнүндөгү суроого Песков: “Бир өлкөнүн жетекчилигинин тагдырын үчүнчү өлкөлөр же үчүнчү өлкөлөрдүн жетекчилиги эмес, анын эли чечиши керек” деп жооп берди.

АКШнын Иранга соккулары Москва менен Вашингтондун ортосундагы диалогго таасир этпей турганын, анткени булар “көз карандысыз процесстер” экенин кошумчалады.

“Бул ядролук объектилерде эмне болгонун, радиациялык коркунуч барбы же жокпу көрүш керек. Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) билдирүүсүнө ылайык, учурда радиациялык булгануунун белгилери жок деп айтылды. Бирок албетте булардын баары мыйзамдуу тынчсызданууну жараткан суроолор,” - деди Песков.

Иликте
Кремль: Путин, Си Цзиньпин жана Трамп 19-ноябрда үч тараптуу саммит өткөрүшөт
Тышкы иштер министрлиги ахыска түрктөрүн эскерди
Мекке келишими ишке кирди
Россия Европанын Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуусун анын «чын ниетине» байланыштырды
Түркия менен Катар лидерлеринин Стамбулдагы жолугушуусунда тарыхый коргонуу келишимине кол коюлду
Рютте Түркиянын НАТОдогу ролун баса белгиледи
Россиянын Волгоград шаарында дрон чабуулунан 4 адам каза болду
Зеленский Россиянын бүгүнкү күнгө чейинки эң ири туткун алмашууну бекиткенин билдирди
Түрк министри COP31де эскертти: "Мөңгүлөрдүн жоголушу дүйнөлүк суу ресурстарына коркунуч келтирет"
Судандын Дарфур аймагында үч күндүн ичинде 5 275 адам жер которууга аргасыз болду
АКШнын президенти Трамптын атайын өкүлдөрү Москвада орус лидери Путин менен жолугушту
Израиль: "CENTCOM армияга Иранга каршы жаңы чабуул ыктымалдуулугуна даяр болуу билдирүүсүн жөнөттү"
Малатияда S-70 үлгүсүндөгү тик учак кырсыкка учурап, төрт аскер шейит болду
Кызыл Чырым: "Газадагы жер которгон үй-бүлөлөр катуу суукка туш болууда"
Түркиянын А улуттук баскетбол командасы Черногорияны 79-62 эсебинде жеңди